Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Феликс Куловго элдин мүдөөсү эмес, өзүнүн жеке кызыкчылыгы маанилүү

Феликс Куловго элдин мүдөөсү эмес, өзүнүн жеке кызыкчылыгы маанилүү

21-март, 20:38
603 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Фейсбук баракчасына Феликс Кулов бир пост жазыптыр. Адаттагыдай, кайран киши, өзү каалаган темасына пост жазгандан тартынып, “мне один полковник сказал” демиш болуп, башка бирөөнүн эле сөзүн кайталагансып, Тилекмат Куреновду “бийлик туура эмес камады” таризде болушуптур. “Милицияныкы туура эмес” деп. Анын постунун астында Кубатбек Байболов байкебиз Бакиев учурундагы 2006-жылдан кызыктуу эскерүүсү менен бөлүшкөнү кызык. Ал кезде Кулов премьер, Мадумаров мамкатчы болуп, Бакиевдин жанында реформа, оппозицияларга каршы бир болушкан. Бирок бир жылдан кийин бийликтен түшүп калып, Феликс Кулов өзү 2007-жылдын апрелинде “Бириккен фронт” түзүп, ал дагы мобу Тилекматтай убагында “баланча күнү бийлик кетет” деп жарыялап, эч кандай майнап чыгара алган эмес. Бир канчаларды ошондо эки-үч жумага камаган бийлик Куловду тим койгон. Аягында бир “Джип” машине тартуулашып, чакан ГЭС боюнча офис ачып беришкени эсибизде. Ошондо Феликс байкебиз кызмат үчүн саясый тилектештерин сатып кеткени, ага элдин кызыкчылыгы эмес, өзүнүн жылуу орду керек экенин көрсөткөн да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер