Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Турмуш курууну ойлонсом эле жүрөгүм зыркырайт
Турмуш курууну ойлонсом эле жүрөгүм зыркырайт
27-август, 12:00

Турмушум бузулуп, ажырашып кеткенибизге бир жыл болду. Москвага барып, бир жыл иштеп, кайра келдим. Азыр “турмушка чык” деп ата-энем болбой жатат. Турмуш курууну ойлонсом жүрөгүм зыркырайт. Татынакай эле жигиттер “жолугалы” деп чалат. Жолукканга деле эч каалоо жок. Өзүмө өзүм таңгалып жатам. Турмуш куруу ушунчалык жүрөк зырылдатабы? Жүрөгүмдүн жарасы айыга электей. Ушул бойдон турмушка чыгып кетсем, кандай жашоо болот? Турмуштан алган биринчи соккудан тура электеймин. Абалымды ата-энеме кантип түшүндүрөм?
Аделя
"Азия Ньюс" гезити