Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бактыбек Бекболотов: “Тажрыйба топтоп, билимин, күчүн бере турган кезде пенсияга кетирүү туура эмес”

Бактыбек Бекболотов: “Тажрыйба топтоп, билимин, күчүн бере турган кезде пенсияга кетирүү туура эмес”

01-июль, 09:00
336 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жолдош генерал, Жогорку Кеңеш офицердик курамдын аскерде кызмат өтөө курагын капитандарга 45, майорлорго 50, подполковниктерге 53, полковниктерге 55 жашка чейин узартууну караган мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Министрликтин бул сунушка көз карашы кандай? 

-- Бул канча жылдардан бери каралып келаткан меселе. Биринчиден, мамлекетте мыйзамдар бүт күч түзүмдөрүнө бирдей болушу керек. Бүгүнкү күндө мисалы, “ички иштер министрлигинде полковниктер 55 жашка чейин кызмат өтөй алат” деп турат. А бизде, куралдуу күчтөрдө 53 жашка чейин. Мындайча айтканда, 52 жашка толгондо пенсияга кетиши керек. Эмне үчүн мындай? Ошондуктан, мыйзамдарды иретке келтириш керек да. Мыйзам баарына бирдей болууга тийиш. Бул бир жагынан. Экинчи жагынан, 52-53 жашында полковниктер кетип калып атат. Эми элестетип көрүңүз, 52 жашыңызда сизди “болду, пенсияга кет” дегенин? Мен 52 жашымда кеткем пенсияга. Ушунча билим алып (үч жогорку аскердик билимим бар), тажрыйба топтоп, ден соолук бар, күчүмдү мамлекетке бере турган кезде пенсияга кеткеним туурабы? Ошондуктан, азыркы сунушка биз да кошулабыз. Мен бул кызматка жаңыдан келгенде эле ошол маселени көтөргөм.

-- Бюджетке оорчулук келбейби?

-- Бюджетке анчалык көп таасир деле болбойт. Эмне үчүн дегенде, бүгүн кадрлардын дефицити болуп атпайбы. Жаш офицерлер, улук лейтенант, капитандар кетип атышат. Себеби, азыркы жаштар биринчи кезекте материалдык, каржылык жагын карашат экен. Ал эми подполковник, полковниктер бул жумушка көнүп калышкан, бул ишсиз өздөрүн элестете алышпайт. Ошолордун баары кала берет. Бюджетке эч таасир этпейт. Азыр канча бош орундар бар? Ошону караш керек да. 

-- Азыркы жаштардын арасында аскердик кесипке кызыгуу кандай?

-- Тилекке каршы, төмөндөп баратат. ОДКБнын ичиндеги мамлекеттерди эле карасак, айлыктары бизден жогору. Бюджетибиз көбөйсө, кызыгуу да жогорулайт, мен буга ишенем. Экинчиден, биз социалдык жагына көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Турак жай менен камсыздоо боюнча да көп сунуштарды даярдап жатабыз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер