Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Орозбек Молдалиев: “20 миң террорист кантип билинбей Казакстанга өтүп кетти? Акылга сыйбайт!”

Орозбек Молдалиев: “20 миң террорист кантип билинбей Казакстанга өтүп кетти? Акылга сыйбайт!”

14-январь, 09:30
1 088 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алматы шаарында коопсуздук кызматкеринин башы жок сөөгү табылып, казактар 20 миң террористтер келгенин айтып чыгышты. Дин иштери боюнча өкүл катары бул жагдайга кандай пикириңиз бар?

-- Террористтик уюмдардын өздөрүнүн аттары бар. Алар кол салганда өз программаларын жарыялайт: “Биз баланчадай максат үчүн кол салып жатабыз. Түкүнчөдөй бийликти орнотобуз” деп. Бул жолу андай болгон жок. “Эл нааразы болуп жатат” деп атып эле, бир убакта “террористтер пайда болду” деп 20 миң деген цифраны айтып чыгышты. 20 миң террорист кай жактан келиши мүмкүн? Алар кантип билинбей Казакстанга өтүп кетишти? Акылга сыйбайт! Бул эми ар кандай шылтоолор. Россиянын кээ бир саясатчылары айтып жатышат: “Сириядан бир тобу келиптир. Кыргызстандан, Афганистандан барыптыр” деп. Мындай пикирлер айтыла берет. Ал үчүн так далил керек. Террористтерден башка кишилер баш кеспейт бекен? Бул жерде “объективдүү изилдөө болобу?” деген суроо жаралбай койбойт. Токаев “террористтер болчу” деп коргоно берет. Биздин музыкант баланы да “террорист, жалданып келиптир” деп калптары чыгып атып, араң токтошподубу.

Анткени бул кошумча күчтөрдү тартуу үчүн себеп болгон. “Террористтер кол салып жатат, суверенитетибиз коркунучта калды” дегенге шылтоо болду. Бизге деле 1999-жылдары “Өзбекстан ислам кыймылы” кол салган. “Биз “Өзбекстан ислам кыймылыбыз”, биздин максат – Кыргызстанга каршы эмеспиз. Өзбекстанга кол салабыз. Бизге жол ачып бергиле!” деп ачык айтышкан. Башка террористтик операцияларда деле ачык айтылат. ИГИЛ болсо “Биз халифат куруп жатабыз, бүт мусулмандардын мамлекетин курабыз” деп ачык эле жарыялаган. Бизден да байбичелер баш болуп жөнөп кетишкени эсибизде. 

Ал эми Казакстанга унчукпай эле келе калган “дудук” террористтер бекен? Бул акылга сыйбаган жалгандар. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер