Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аалы КАРАШЕВ, ЖК депутаты: “Коррупция менен соттолгондордун кайра кызматка дайындалганга моралдык укугу жок”

Аалы КАРАШЕВ, ЖК депутаты: “Коррупция менен соттолгондордун кайра кызматка дайындалганга моралдык укугу жок”

22-ноябрь, 09:08
548 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аалы Азимович, мыйзамга жергиликтүү кеңештерге жогорку билими барлар гана шайлана аларын белгилеген норманы киргизүү сунушталууда.  Укуктук жагынан алганда бул туурабы?

-- Бир жагынан туура. “Жергиликтүү кеңештердин деңгээли көтөрүлсүн, сапаттуу болсун” деген ой турат. Бирок, ошол эле мезгилде “жалаң эле жогорку билимдүүлөр шайлансын” дегенге мен каршымын. Биздин Конституцияда “ар бир адам шайлоого жана шайланууга укуктуу” деп жазылып турат. Бизде жөнөкөй эле кишилер, б.а. чабан, фермер, айдоочу болуп иштеген. Бирок, алардын аброю жогорку билимдүүлөрдүкүнө караганда бийигирээк. Эл балким ошолорду шайлагысы келээр? Ошондуктан, “жалаң жогорку билимдүүлөр дебей, атайын орто деп жазсак туура болот” деген ойду айткым келет. 

-- Кээ бир кесиптештериңиз “муниципалдык кызматтарда иштеген кызматкерлер жергиликтүү кеңештерге шайлана алат” деген норма киргизилгени коррупцияга жол ачышы мүмкүн” деп кооптонуп жатышат. Сиздин пикириңиз кандай?

-- Айыл өкмөттөгү он бир кызматкерден балким, бешөө депутат шайланып калышы мүмкүн. Анда кандай болот? Өздөрү жасаган иши тууралуу отчетту өздөрү алып калышыбы? Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлаганда, анын отчетун алганда, же бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту укканда, ар кандай кызыкчылыктар болушу мүмкүн. Коррупцияга жол ачылышы ыктымал. Демилгечилер “Жогорку Кеңеште деле премьер-министр, биринчи вице-премьерлер депутат болгонго укуктуу го?” деп айтып атышпайбы. Алар эки эле киши. Эки киши бүтүндөй парламенттин чечимине таасир этип, погода жасай албайт. Анда жергиликтүү кеңештерге деле бир же эки гана киши болсун (!) деп чектөө киргизиш керек. Айтор, тобокелчиликтер көп. Бул бир жагы. Экинчи жагы, эгер уруксат берсек, баарына, мамлекеттик кызматтарда иштегендерге да уруксат берели. 

-- “Мурда соттолгон киши аким боло албайт” деген чектөө туурабы?

-- Менимче, ал кылган кылмышына жараша болушу керек. Эгер коррупция же башка оор кылмыштар менен соттолгон болсо, алардын кызматка дайындалганга моралдык укугу жок. 

-- Айталы, пара алып соттолсо... 

-- Андайлардын кайра кызматка келишине жол бербөө керек. 


Аттокур ЖУМАЕВ

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер