Сейит Жетимишев, Кыргыз эл жазуучусу: “Ак Кудайым, ак жарыктай таптаза, Ал бир закон – адам билгис башкача”


Ак Кудайым, ак жарыктай таптаза,
Ал бир закон – адам билгис башкача.
Куурап, соолуп кетчүдөймүн курушуп,
Кудай менен бирге жүрөк какпаса.
Дин-пин деген адам үчүн убара,
Баш айланткан андан-мындан курама.
О, адамдар, билгиң келсе чындыкты,
Бир Кудайдан башка эч кимден сураба!
01.08.2024-жыл
***
Сен Сталин – табияттын көзүсүң,
Сен Сталин – табияттын сөзүсүң.
Табиятта эгер болсо бир чындык,
Сен Сталин – дал ошонун өзүсүң.
25.08.2024-жыл
***
Сен жок болсоң азап сезим жаралат,
Бүт денемди уулачуудай таралат.
Ошол кезде сени келет чакыргым,
Кетели деп келбес жерди аралап.
Бирок такыр келбечүдөй жайына,
Жаш жагыбыз ушунчалык айырма.
Ошондуктан ак дос болуп гүл арнайм,
Адам күткөн алгачкы жаз айында.
Гүлүмдү алсаң күүлөнгөндөй кубанам,
Гүүм күндү жарык бол деп суранам.
Ошол кезде унутулат таптакыр,
Жашоодогу жабыркаган убарам!
20.08.2024-жыл
***
Мен азоону мингим келбейт ат кылып,
Үйүрүнөн бөлгүм келбейт жат кылып.
Ак жайлоого коё бердим эркинче,
Ага дагы кылайын деп жакшылык.
Кайран азоо жакшылыкты сездиби,
Же болбосо, унуткансып кеттиби.
Же бир мени жеңил ойлуу байкуш деп,
Жалп эттире кыялында тептиби?..
Так айта албайм жандүйнөсүн азоонун,
Бөлүп-сөлүп кереги жок атоонун.
Оюн салар ойнок азоо жайлоодо,
Ким сүйбөсүн эркиндигин жашоонун.
19.08.2024-жыл
***
Мен сени жаным менен тартып турам,
Ийниңе оң колумду артып турам.
Сен мени бир жалжылдап караганда,
Илинип кирпигиңе балкып турам.
Сезилет анда сага дүйнө кандай?..
Сезилет анда мага дүйнө кандай?..
Сезилет, сезип кетем мен ошондо,
Жашоонун ар жагында жашоо бардай!
Ал жашоо азап болор, жыргал болор,
Ачылган ойго келбес сырлар болор.
Аластап экөөбүздү бир жан кылган,
Адамды таңкалтырган жылдар болор...
18.09.2024-жыл
***
Табият тең кылбапсың адамдарды,
Кутуртуп кумпай-шумбай арамдарды.
Табият тең кылбапсың адамдарды,
Ээ кылып эл мүлкүнө сараңдарды.
Табият тең кылбапсың адамдарды,
Жолдотуп жойпуланган саламдарды.
Табият тең кылбапсың адамдарды,
Жасатып жанын саткан кадамдарды.
О, анда булар менен тирешпеске,
О, анда булар менен күрөшпөскө,
Табият адамдарда арга барбы?
Күрөшпөй канча өмүрлөр майдаланды...
28.09.2024-жыл
***
Күлмүңдөп сулуулукту күбөлөгөн,
Гүл жоктур көктөн жамгыр тилебеген.
Кубулуп кундуз жүнү түлөбөгөн,
Куш жоктур уясына түнөбөгөн.
Көргөндө жалжылдаган чүрөктөрдү,
От жоктур тыз эттирбес жүрөктөрдү.
Сулуулук кумарымсың сырдашамын,
Куусаң да сага болбой ыр жазамын!
29.09.2024-жыл
Т...га
Ажарың жанга жаккандай,
Ак марал кырдан баскандай.
Кылтактап ийдиң сезимди,
Кызгалдак гүлүн ачкандай.
01.09.2024-жыл
Х...га
Садагам, сен бир чымчыксың,
Сен конор мен бир чырпыкмын.
Сайрачы конуп колума,
Саргарган жандан күн чыксын!
02.09.2024-жыл
***
Жалгызсырап сага келсем кеңгиреп,
Сен Ысык-Көл унчукпайсың мелтиреп.
Сени келбейт эмнегедир мактагым,
Тунуксуң деп туйлап сүйлөп элчилеп.
Бирок сенин мөлдүгүңө суктанам,
Булгайт го деп бирөөлөрдөн кызганам.
Ошол кезде өпкүм келет өзүңдү,
Сени окшотуп сулуу кызга уктаган.
Өпсөм көлүм эрир белең эркелеп,
Эртең дагы келсе экен деп эртелеп.
Келеминби, келбейминби билбеймин,
Ажал жүрөт мени издеп темселеп...
11.10.2024-жыл
***
Дене карыйт, жан карыбайт деген бар,
Жаны көлдөй жай калкыган терең бар.
Жалындаса кыялына акындын,
Жер гана эмес, кээде болот аалам тар.
Анда акын аалам менен кобураш,
Аалам доошу ал өзүнчө добулбас.
О, добулбас, дөмөк-сөмөк согулбай,
Ойрон болор бактысыздын жолун ач!
18.10.2024-жыл
***
Аптабы күндүн өтөбү,
Аскадан мөңгү өчөбү?
Аскадан мөңгү өчкөндө,
Соолуйбу тоонун өзөнү?
Соолуса тоонун өзөнү,
Соолуйт го гүлдүн көзөлү.
Соолуса гүлдүн көзөлү,
Жаныңдын сыздаар өзөгү.
Өзөгүн жандын сыздатпай,
Көңүлүмдү муздатпай.
Табият кылса мени эгер,
Ааламды билген устаттай.
Аптапты чектеп турмакмын,
Асканын суусун бурмакмын.
Ачылган гүлдү букеттеп,
Ардагым сага сунмакмын.
29.10.2024-жыл
Жаркынга
Сулуу десем, сулуу деле эмессиң,
Бирок чиркин бир башкача элессиң.
Сулуулардын сулуулары деги эле,
Салыштырсам, сага кайдан теңешсин.
Сенде бар го бир табигый касиет,
Бир мен эмес, башкалар да баш ийет.
Каткан кыял кайра баштан талпынсын,
Бир жылмайып жандап өтүп таасир эт!..
20.10.2024-жыл
***
Жабылган булут ачылар,
Жамгыр жаап басылар.
Жалбырактар андан соң,
Жан киргендей жазылар.
Жазылганда жалбырак,
Жанын жайып албырат.
Жашыл кылып мени да,
Жашарткандай жан кылат.
Карысаң сен жалбырак,
Катып турган калдырап.
Кандай айла кылам деп,
Каламын го жалдырап!..
31.10.2024-жыл
***
Ала-Тоо, кыргыз бириккен,
Кыргыздар карайт бийиктен.
Ак чоку зангир аскалар
Бүткөндөй аппак үмүттөн.
Ак бозүйүн жасаган,
Ак эмгек менен жашаган.
Улуу кыргыз ушу деп,
Унутпай тарых атаган...
31.10.2024-жыл
***
Көз ачпай “көр” төшөктө жатканым жок
Төрт кашык коньяктан да качканым жок.
Күүгүмдө көрүнбөгөн көлөкөдөй,
Күн менен кошо житип батканым жок.
Таң атса тереземди ачып жатам,
Зериксем Дзержинде басып жатам.
Табият жаратпайт деп керексизди,
Таарынтпай ырларымды жазып жатам.
Ырларым жазган кезде сүйүп турат,
Чекемден ымшыса тер сүрүп турат.
Кыргызга кызматымды кыламын деп,
Кыйылбай билек-жеңин түрүп турат.
10.11.2024-жыл
***
Эркин кыргыз шаар салды аскадай,
Жолдор курду сызып койгон тасмадай.
Ал – тетигил Ала-Белде ак бозүй,
Ташка чеккен тарых тилдүү жазмадай.
Ала-Белде ак жал айгыр азанайт,
Үрксө үйүрү үч имерип жазалайт.
Ала-Белдин алты кабат асфальтын
Алп көчкүдөн алп бульдозер тазалайт.
Учак учат жашыл шаар Бишкектен,
Кыргыз уулу ал учакты иштеткен.
Стюардесса нурдан бүткөн сүрөттөй,
Кыргыз кызы жигиттерге издеткен.
Чексиз асман – бийиктиктин тилеги,
Гүлдүү талаа – табияттын килеми.
Ал – тетигил ак мөңгүлүү аскалар,
Алп Манастын аалам берген жүрөгү.
11.11.2024-жыл
"Азия Ньюс" гезити











