Мени сүйгөн жигит байдын кызын тандап кетти...

Бир жыл мурун жакшы бала менен Инстаграмдан таанышып калдым. Абдан мүнөзү жакшы. Бир-эки айдан кийин экөөбүз кыз-жигит болдук. Мен эмнегедир аны аябай катуу сүйүп калдым. Ал мени дагы сүйчү. Бир күнү “жумуш таптым, эми иштеш керек” деп, бир чоң ресторандын бирине официант болуп иштеп калды. Иштеп баштагандан кийин экөөбүз аябай аз сүйлөшүп баштадык. Анткени кечинде жумушка кетип, эртең менен келип, анан күндүзү уктайт. Кайдагы убакыт мен менен сүйлөшкөнгө айтыңызчы?…
Ошентип эки ай өттү. Ал аябай эле өзгөрүп, мени менен көп жолукпай, урушуп эле жүрдү. Анан эмне болмок эле? Ал мени таштап кетти.
Арадан бир аз убакыт өттү. Мен бир күнү анын бир тааныш кызы менен жолугуп калдым. Экөөбүз кафеге кирип, чай ичип отуруп калдык. Ал мага: «Айка, сен билесиңби, мурунку жигитиң ошол иштеген ресторандын шефинини кызы менен жүрөт. Ал анын байлыгына кызыгып, сени таштап кеткен» дегенде айлам кетип, жаман болдум. «Макул анда Айдай, мен барайын жумушум бар болчу” деп кетип калдым
Үйгө кирип, көз жашымды кармай албай ыйладым. Аябай жүрөгүм ооруду, жашагым келбей. Эх, бул жашоо кызык, ушул эркектерге байлык, акча эле кызык экен.
Азыр өзүмдү колума алдым. Эми жашоомду таптакыр өзгөрткүм келет...
Айка