Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алган келинибиз качып кетти. Апам калчылдап ыйлап, байкем бетин карга жууп...

Алган келинибиз качып кетти. Апам калчылдап ыйлап, байкем бетин карга жууп...

22-февраль, 12:46
5 495 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Байкем жакында эле үйлөнгөн. Кыз менен эки ай сүйлөшүп, колдон алып келгенбиз. Калың жакшы бергенбиз: бир жылкы, 100 миң сом. Үйгө келип, айылга, кошуналарга, туугандарга той бердик. 19-февралда дагы бир чоң той берилмек. Ресторанга сүйлөшүп, боорсок жасалып, мал союлуп, элдин баарына чакыруу таратылып калган эле. Анан таңга маал ызы-чуу болуп калышты. Турсам, келин качып кетиптир. Көрсө, башка жигити бар экен. Ал түндө келип, качырып чыгарып кетиптир. Эртең менен ата-энеси келип кечирим сурап, калыңды берип, “үйгө жигити ачуубасар жибериптир, кечиргиле” деп келип кетишти. Биз канча деген чыгым болдук?! Байкем жакшынакай жигит, намаз окуйт, жогорку окуу жайын бүткөн.  Үйү, машинасы бар.  Тойдон кийин өзүнчө бөлүнүшмөк.  Эми сотко берсек болобу?  

Кыздар, күйөөгө тийгенде ойлонуп тийгилечи? Бирөөнүн жашоосун бузуп, тагдырын талкалабагылачы? Аллах баарын көрүп турат, бизден качса да Аллахтын сурагынан кача албайт да... 

Эх, апамдын калчылдап ыйлаганы, байкем улам бетин карга жууп, өңү бозоруп отурганы, атам бир чекити тиктеп отурганы, туугандар каргап-шилеп, жини келгени эсимен кетпей отурам...

Мира

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер