Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Министрлер кабинетинин иш аракеттери өз жемишин берип баштады”

“Министрлер кабинетинин иш аракеттери өз жемишин берип баштады”

03-октябрь, 19:30
317 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бийликте таза кадрлар, бирдиктүү команда качан болот? Коррупцияга айыпталгандар тыйылбайбы?” деген собол узаттык.

Качкын Булатов, укук коргоочу: 

-- Эгемендик алган 30 жылдан бери башыбыздан эмнени гана кечирбедик, ошол эле таза эмес кадрлар, коррупцияга малынган жагдайлар биринин артынан бири чубалып келе берди да. Тамырлары чийеленип, тереңдегенден тереңдей берди. Мунун баарын айтып отурса арман көп. Мына ушунун баарын 1-2 жыл ичинде жок кылуу болбогон кеп. Ошентсе да “көч бара-бара түзөлөт” деген үмүт жанып отурат. Алсак, акыркы жылдары министрлер кабинетинин иш аракеттери өз жемишин берип баштады десек жаңылбайыз. Акылбек Жапаров баарынан акылдуу эмеспи. Ишкерлерге ККМди киргизип, мамлекеттик бюджетти кадыресе толуктап атканына күбөбүз. Ошол эле электрондук транспорт иш кагаздары ишке аша баштады. Муну менен катар бажыдагы уурулуктар токтоп атат. Жылына бери дегенде 70 миллиард сом уурдалып, мамлекеттин казынасын кыйгап өтчү экен. Биз эмне үчүн ушундай жакшы иш аракеттерди айтпайбыз? Пенсионерлердин, бюджеттик мекемеде иштегендердин айлыктары акырындап болсо да жогорулап атат. Албетте, коррупциянын тамырын түп-орду менен кыйып салуу үчүн болгон аракеттер жасалып, күн сайын УКМКнын билдирүүсү ага далил болууда. Ал эми бийликке таза кадрды тандоо, аны даярдоо көптөгөн убакыттарды талап кылат. Бу жагы да акырындап туура жолго коюлса керек деген ишеним бар. 

Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер:

-- Учурда таза кадрлар жөнүндө сөз кылуу эртерээк деп ойлойм. Мен бир нерсеге токтолоюн. Мамлекеттин ичиндеги эң орчундуу маселе болгон коррупция тууралуу эки ооз кеп кылсам оң болгону турат. Кечээ эле өзбүздүн Кара-Буура районунда чоң жыйынга катышып келдим. Жүзү курусун, мурунку коррупционерлер, ууру-кески, адамдын маңдай терин баалабаган кээ бир адамдар мамлекеттик сыйлык алып, ошону майлап-сүттөп аткандарын көрүп, абдан жаман болдум. Мамлекеттик сый-ургаалдардын баркы өтө төмөн түшүп кетиптир. Мамлекет башчы аны тереңден биле бербеси түшүнүктүү дечи, ошентсе да кимге кандай наамдар бериле турганын ошол айылдын эли өздөрү чечсе деген ой келди. Менде эч кандай ичкүйдүлүк жок. Болгону мурунку коррупционер азыркы бийликтин ашмалтайын чыгарып мактап-жактап атса, жакаңды кармайт экенсиң. Ал адамдын ушуга чейинки ишмердигин билбесек бир жөн. Бир сөз менен айтканда, мамлекеттик сыйлыктар, наамдар берилген жердеги коррупцияны азыркы бийлик жөнгө салса дегеним...


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер