Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арстан Жусупов: “Биздеги биринчи көйгөй – кесип тандоодогу багыттын жоктугу”

Арстан Жусупов: “Биздеги биринчи көйгөй – кесип тандоодогу багыттын жоктугу”

07-август, 13:19
1 920 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маектешим көп жылдан бери үй-бүлөсү менен Малайзияда жашап, ийгиликтүү иштеп келген. Жарым жыл мурун Ошко келип, NEXT IT курстарын негиздеген. Кыргызстанга келүүсүнүн негизги себептеринин бири балдарына кыргыз тилин үйрөтүү болгонун айтат.   

Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү чоң

-- Жарым жылдан бери Ошто NEXT брендиндеги курстарды ачып, активдүү иштеп жатабыз. Учурда биздин мектепте кыркка чукул адам билим алышууда. Биринчи этапта тапшыргандар башталгыч деңгээлди басып өтүштү. Азырынча кандайдыр бир жетишкендиктерди багынта элекпиз. Бирок, биздин алдыга койгон пландарыбыз чоң. Эң башкысы, жаштардын, улуу муундун арасында дагы суроо-талап бар. Мен IT жөнүндө көп айтып мактайм, себеби өзүм ITшникмин. Бирок, бизде бир эле IT тармагында иштегендер эмес, ширетүүчүлөр, кондитерлер да Ошто жашашып, жакшы акча табышат. Анткен менен азыр деле мурдагыдай юрист, экономист кесиптерине окугандар жок эмес. Биринчи көйгөй – кесип тандоодогу багыттын жоктугу. Ошондуктан биздин жаштар туура эмес адистикти тандап, беш жыл окуп, анан Россияга барып кара жумушта иштеп жатышат. Бул кесиптердин арасынан Кыргызстанда IT жана программалоонун потенциалы чоң, туруктуу катары эсептелинет. 


Англис тили дүйнөгө эшик ачат

-- Мурда биз үчүн орус тили маанилүү болуп келсе, бүгүнкү күндө англис тили дүйнөгө эшик ачат. Менимче, ITге кызыккандар сөзсүз англис тилин билиши керек. Мындан тышкары, логикалык ой жүгүртүүнү, адамдар менен тил табышууну, критикалык кырдаалдарда жол ачып, көйгөйдү чече билүүсү зарыл. Чет өлкөдө жашап иштеген мигранттар, алардын ичинде мен дагы мекенибизге жакшы нерселерди алып келгенге аракет кылабыз. Муну биздин миссиябыз (!) деп түшүнөбүз. Анткени биз башка мамлекеттиктерден эч нерсебиз менен айырмаланбайбыз. Алар жасаганды биз бул жакта жасай алабыз. Бүгүнкү күнү сиз Алайда жашап, интернетке кирүүгө шартыңыз болсо, анда сизде башка өлкөдө жашаган адамдардай эле мүмкүнчүлүгүңүз бар. 


Балдарыма кыргыз тилин үйрөтүү үчүн кайтып келдик

-- Балдарым Кыргызстанда төрөлгөнүнө карабастан, тилекке каршы, англис тили алардын эне тили болуп калды. Ал эми кыргыз, орус тилдерин алар унута башташты. Биздин кайтып келүүбүздүн биринчи себеби – бул балдарыбызга кыргыз тилин үйрөтүү. Убакыт өтө бат өтүп жатат, улуу балам 11-классты бүтүп калды. Бул көйгөйгө учурунда олуттуу көңүл бурбасак, ал чечилбеген бойдон калып калат. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер