Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кандуу желектин ортосунда күйүп турган түндүк жакшылыктын белгиси эмес!

Кандуу желектин ортосунда күйүп турган түндүк жакшылыктын белгиси эмес!

21-сентябрь, 00:56
1 611 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Урматтуу болочок депутаттар!

Манас, Семетей, Сейтек" эпосу кыргыз элинин жашоосунун негизинде жаралган турмуштук көз карашын, социалдык, улуттук саясатын көркөмдүк менен чагылдырган акыл-насаат. Кыргыз урууларын бириктирип, эгемендүү каганат түзгөн Манастын негизги насааты:  

“Бөлүнсөң бөрү жеп кетет,   

Бөлүнүптүр кыргыз, деп

Бөлөк элге кеп кетет.

Айланып жүргөн жорулар

Кешигиңди жеп кетет!”

Манастын уулу Семетейди эмчектеш досу Канчоро бийлик талашып жок кылат. Кыргыз мамлекети кулап, ар кайсы хандыктардын кол астында калат. Эгемендүүлүктөн үмүтүн үзбөгөн кыргыз эли Манастын небереси Сейтек жөнүндө дастан жаратат. Чыккынчыларды жок кылып, такка отурган Сейтекке акылман Бакай батасын берет:

Кара кылды как жарган

Калыс болгун калкыңа!

Үзүлгөндү улап бил,

Чачылганды жыйнап жүр,

Жергелеш болгон конушка 

Журтуңдун көөнүн оорутпа!

"Буюрса түп кыргызга

Жакшылык эми болоор" деп

Чогулган эл дуу болду.

Асманды жарган чуу болду…

Кыргыз элинин өлбөс-өчпөс үмүтү миң жылдан кийин ишке ашты. «Жакшылык эми болор» деген үмүт менен илимпоз Аскар Акаевди ажолукка шайладык. “Эгемендүү мамлекетибиздин баардык бийлик жоопкерчилиги бир колдо болсун” деп Башмыйзамга “Кыргыз Республикасынын президенти – мамлекеттин да, өкмөтүн да башчысы” деген берене киргиздик. Бирок А.Акаев аткаруу бийликтин башчысы болуудан баш тартты. Депутаттар муну президенттин ынсаптуулугу катары баалап, кол чабышты. «Мамлекет башчысы аткаруу бийликтин жоопкерчилигин өз колуна албаса, өкмөттө башаламандык башталат» десек, сөзүбүз өтпөдү.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик белгилерин кабыл алганда, добушка эки туунун үлгүсү коюлду: кызыл туу, ортосунда жалындап күйүп турган түндүк. Көгүлтүр туу, үстүндө жаркыраган кут жылдыз, ортосунда түндүк, астында жети суунун белгиси – жети ак сызык. «Манастын туусу кызыл болгон» деп депутаттын көбү кызыл тууну колдоду.

Манастын кызыл туусу кандуу согуштун белгиси болгон. «Ак асаба, кызыл туу, айгайлаган чуру-чуу» менен кыргыздын баатырлары Кытайдан качып келген Алманбеттин кол астында Кытайга каршы чоң казатка чыгып кырылып, Манас кансырап каза болуп, эгемендүү кыргыз каганаты кулаган. Кандуу желектин ортосунда күйүп турган түндүк жакшылыктын белгиси эмес! «Түндүгүң өрттөнсүн!" деген каргыш бар деп түшүндүрсөм да көпчүлүктүн делебеси козголбоду.   

Көрсө, 360 депутаттын ичинен Жалил Садыков экөөбүздөн башкасы «Манастын» мазмунун билбейт экен да.                            

«Борбор шаарыбызга Кокон хандын Рахматулласын ыргыта чаап, Ак падыша менен кол алышып, Чүй өрөөнүнүн эл-журтун сактап калган Байтик баатырдын атын коёлу» деген сунушубуз да өтпөй, кымыз ачыткан таяктын ысымын алып, борборубуз Бишкек аталып, шылдың болдук. Анан дагы көчө жетпей калгансып, Белинский көчөсү Манас, Тынчтык проспектиси, Чыңгыз Айтматов көчөсү болуп үчкө бөлүндү.

 Аскар Акаев мамлекеттик жоопкерчиликтин баардыгын улам бир премьер-министрге жүктөп, 1993-жылкы Башмыйзамды башка мамлекеттердин Конституцияларына окшотуп өзгөртө баштады. «Нельзя гоняться за чужими образцами", "Народу нужна крепкая власть и справедливость» деген макалаларды жарыяласам этибар алган жок. («Слово Кыргызстана», 29.11.2002-ж., 19.12.2003-ж.

Президент А.Акаевдин чоң катасы – жер маселеси болду. 1993-жылкы Конституцияда Кыргызстандын жер аянты, кен, суу, токой жана башка жаратылыш байлыктары мамлекеттин менчиги деп жазылган. Демек, үй салсаң, буудай айдасаң, имарат, аштык сенин менчигиң, астындагы жер аянты ижарага берилген мамлекет менчиги. 1999-жылы кабыл алынган Конституцияга жер аянты жана жаратылыш байлыктары мамлекеттик жана башка менчиктин түрлөрүндө болушу мүмкүн деген кошумча киргизилип, жер аянтын, жаратылыш байлыктарын сатмай-талашмай башталды. 

Советтер союзунда сталиндик репрессиялар башталганда, белгилүү өзбек акыны Миртемир «Сталиндики тугры, ортаглары угры» деген экен. Кыргызстанда да ошондой абал болду. Мамлекеттик кызматтагылар барган сайын байып, куру калып нараазы болгондор арбыды. Ишеним көрсөтпөй Акүйдөн айдалган өкмөт башчылар жан-жөөкөрлөрү менен президентке каршы оппозицияга өттү. 

2005-жылы 22-мартта мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов менен кеңештик. Республикадагы абал өтө татаал, Аскар Акаевич “15 жыл колуман келишинче эл-журтум үчүн иштеп бердим, каталыктар кетсе кечирим сурайм. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлагандан кийин жаңы президент шайлайбыз” деп эл-журтка кайрылсын, долбоорун даярдап берели деп макулдаштык. Эртеси, 23-мартта президентке кирмекпиз, керээли-кечке телефон чалдым, Осмонакун албады. Саат беште секретары Осмонакундун өз ыктыяры менен отставкага кеткенин айтты. Эртеси, 24-мартта чоң жаңжал башталып, президент Акаев Акүйдөн кетти. Биринчи «Сейтегибиз» Бакайдын батасын аткара албай, хандыктан түштү. 

Бул жерде Аскар Акаевдин ажолук ишин калыстык менен караш керек. Илимпоз Аскар Акаев замандын өтө татаал кезинде мамлекеттик бийликке келди. Дүйнөнү дүңгүрөтүп турган советтер союзу кулап, социализм кайрадан капитализмге айланып, мамлекеттин менчиги жеке менчикке өтүп, Кыргызстан эгемендүү болуп, КПССтен, Москвадан айрылып, жетимсиреп калганда, эл-журтубузду аман-эсен сактап калды. Эгемендүү Кыргызстандын биринчи ажосуна арналган эстелигинин долбоорун түзө баштаганбыз. Эл арасында ар кандай сөз жүрөт, бирок, менин билишимче, Аскар Акаевдин да, үй-бүлөсүнүн да колдору таза кетти.

Отставкага кетирилген премьер-министрдин бири Курманбек Бакиев президент болду. Жаңы шайланган «Сейтегибиз» мамлекеттин да, өкмөттүн да жоопкерчилигин,  бийлигин өз колуна алып, биринчи «Сейтегибиз» кетирген каталарды оңдоп, түндүк-түштүктүн, кыргыз элинин биримдигин чыңдап, Манастын насаатын, Бакайдын батасын аткарат (!) деп үмүттөндү элибиз. Бирок андай болбодуКурманбек Бакиев да бийликти улам-улам алмаштырып, Конституцияга көп партиялуу системаны киргизди. «Көп партиялуу система Кыргызстанга ылайыксыз, эл-журтубузга жакшылык алып келбейт» деген ой-пикиримди жарыяладым... «При многопартийной системе никогда не будет стабильности в государстве, так как партии «одной лишь думы знают власть, одну, но пламенную страсть» – ВЛАСТЬ! В борьбе за эту власть они будут бодаться меж собой, кучковаться, чтобы смести стоящих у власти.  За все это народ будет расплачиваться перекрытыми дорогами, растрелянными сыновьями» деп жаздым. («Эне-Сай» гезити, 09.05.2007-ж.) Бирокбул сөзүм да өткөн жок. Акыры 2010-жылы 7-апрелде кандуу төңкөрүш болду. 

Мамлекеттик аткаруу бийлиги ага-туугандарына ыйгарылып, бара-бара «кыргыз эли бийликтин булагы» эмес эле май чуңкуру болуп калды. 

Эгемендүү Кыргызстандын түндүгүн көтөргөн аксакалдар чогулуп, президент К.Бакиевге шартты түшүндүрүп, профессионалдуу кеңеш берүүгө даярдыгыбызды айттык. Курманбек Салиевич президент алдында аксакалдардын кеңеши түзүлсүн деген указдын мазмунун даярдоо мага тапшырылды. Даярдап бердим, бирок указ чыккан жок.

Мамлекеттеги алдым-жуттум өнүп-өсө берди. Нааразылыктар барган сайын күчөп, 2010-жылдын 7-апрелинде кандуу төңкөрүш башталды. Мындан үч жыл мурда мен айткандай эле кыргыздын уулдары атылып, каза болду. Кызыл желек желбиреп турган аянт канга боёлду, түштүктө кан төгүлүп, түндүктөр өрттөлдү. 

«Кыргызы вновь наступили на те же грабли» деди В.В.Путин. «Эми кетменди басып алып, таягы чекеге тийбесе экен» деген макала жарыяладым. («Не наступить бы на кетмен».«Слово Кыргызстана», 05.05.2010.).

Жаңы келген бийлик жаңы Конституция түздү. «Бул Конституция мурдагылардын эле бир түрү экен, жакшылыкка алып келбейт, бийлик талашуу, коррупция күчөйт. Бул мыйзамды түбү менен өзгөртүш керек» дедим долбоорду талкууланганда. Бир топ «дүжүр чалдар» мага каршы чыгып, долбоорду жерге-сууга тийгизбей макташты.

Убактылуу президентибиз Роза Отунбаева мамлекеттик туу боюнча комиссия түздү. Кызыл жана көгүлтүр желектер кайрадан талкууланып, комиссиянын көбү көгүлтүр желекти жактырышты. Жогорку Кеңештин добушуна коёр алдында А.Атамбаев бул ишти токтотту. Кан түстүү мамлекеттик туубуз өрттөнгөн түндүгү менен кала берди.

Атамбаев премьер-министр болуп турганда, айрыкча илим-билим, маданият жана искусство тармагында бир топ ката кетирди. Президент болгондо «мурдагы «сейтектердин» катасын кетирбесин, жардам берели» деп аксакалдар кеңешинин жаңы тизмесин Фарид Ниязовго алып барып бердим. Бирок, президент А.Атамбаев бизди кабыл алган жок, мурдагыдай эле өкмөттүн курамын улам-улам алмаштырып, жанына иштин жайын терең билбеген элпек, каяша айтпаган жаштарды чогултуп алып, профессионалдар менен кеңешпей, өндүрүшкө ылайыксыз коррупцияга жол ачкан чечимдерди кабыл алды. Жогоруда мен айткандай, ар кайсы партиялар менен баягыдай эле бийлик талашып, жаңы Конституцияны түзгөн, кабыл алган депутаттар, борбор шаарыбыздын мэрлери, өкмөт башчылары, министрлер, прокурорлор соттолду.

2019-жылы 8-августта желбиреген желектин алдында кан төгүлүп, түндүгү өрттөлдү. Үчүнчү «Сейтегибиз» да баягы мен айткандай кетменди басып алып, таягы чекесине тийип, чоролору менен зынданга түштү.

Урматтуу, Сооронбай Шарипович! Сиз мына ушундай мамлекеттин башчысы болдуңуз. Аймактарды кыдырып, кандай байлыгы бар экенин өз көзүңүз менен көрдүңүз. Эмне гана жок бизде: алтын десең алтын, керек болсо уран, шаркыраган суулар, энергетика, эт, май, сүт, жер-жемиш, Ысык-Көл, Соң-Көл, токой-тоолор жана башка жер байлыктары. «Кени болсо жериңдин  эне сүтү элиңдин» дейт кыргыздар. Андай болсо, эмне үчүн эне сүтүн өзүбүз эмбей, Канада, Кытай жана башка жактан келген «саанчы жеңелерге» берип коюп, өзүбүздүн уул-кыздарыбыз оокат издеп чет жактарда тентип жүрүшөт? Мамлекетибиз кайыр сурап, карыздан чыга албайт. Минтип отурсак кыргыз эли бөлүнүп, Иран, Ирак сыяктанып бөрүлөргө жем болот. Жакында Жогорку Кеңештин шайлоосу башталганы турат. Азыркы шарт мурункудан өтө татаал, коронавирус аз келгенсип, баягы эле бийлик талашкан партиялар, добушун акчага сатмай, ушакчы катындардай бири-бирин жамандамай башталды. Шайлоого барбайбыз, барсак баарын чийип салабыз деген сөздөр болуп жатат. Шайлоо өтпөй калса, күнөөнүн баарын сизге жүктөшөт. Эл-журтубузду дагы бир  кыянатка учуратпай, шайлоону эки-үч айга жылдырыш керек. Конституцияны эл-журт менен терең талкуулап, 1993-жылкы биринчи Башмыйзамдын негизинде жаңы Конституция түзүү зарыл. Бул ишти жүргүзгөндө В.Путинден үлгү алсак жакшы болор эле. Россиянын президенти эл менен акылдашып, мамлекетке президенттик башкаруу киргизип, мөөнөтүн дагы беш жылга узартты. Мамлекет башчылыгы да, өкмөт башчылыгы да бир колдо болбосо, баягы чаржайыт башталат. Касым Тыныстанов айткандайзор Манастын зор катасы: аткаруу бийликтин жоопкерчилигин Алманбет досуна берип коюп, чоң казатта чоролору менен курман болуп, эгемендүү зор каганаты кулаган. Эгемендүү Кыргыз Республикасында 30 жылда 30га жакын «алманбеттер» алмашты. Жаңы Конституцияга бийликтин булагы болгон бүткүл элдик курултай институтун киргизүү зарыл. Шайлоодо добушту жашыруун эмес, ачык бериш керек. Конституцияда Кыргыз Республикасынын жараны өз оюн, пикирин ачык айтууга укуктуу деп жазылган. Андай болсо, эмне үчүн шайлоочу өзүнүн ой-пикирин паранжага жамынтып, жашыруун айтышы керек? Шайлоо жашыруун эмес ачык болсо, көп кыянаттардан, чыгымдардан да кутулабыз. Аңдып келген байкоочуларга да жеңилдик болот.

Урматтуу Сооронбай Шарипович

Урматтуу болочок депутаттар! 

Эгер чындыгында эле максатыңар мамлекетибиздин чарбасын өстүрүп, эл-журтубузду байытып, аман сактап калам десеңер, чыгым болбой, элибизди бөлүп-жарбай кыянаттыкка учуратпай, коронавирус жүрүп жатканда татаал ишти жүргүзбөй, шайлоо күнүн 2-3 айга жылдырсак жакшы болоор эле. «Карынын сөзүн капка сал» дейт элибиз. Бул насаатты аткарбаган ажолорубуз кандай шорго калды...


Урматы, өтүнүчү менен Кыргыз эл жазуучусу, легендарлуу парламенттин экс-депутаты, пенсионер Мар Байжиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер