Акылбек Жапаровго карата “кырчаңгы оюнду” оюндун аягы кантет?
Өкмөт башчы Акылбек Жапаровду “кызматтан кетет” деген "өрдөк" сөздөр коомчулукка тарап жатат. Мындай шамал кайсы жактан согуп жатканы түшүнүктүү да. Жапаровдун ишине эч ким "эки" деген баа бере албайт, туурабы? Иштин көзүн билген кадр экени да талашсыз. Өкмөт башчысына келип жатканда эле амбициялуу программасын айткан. Буга чейинки башбакандардан мындай сөздү уккан да эмеспиз. “Кийинки жылдын бюджетин 500 миллиард сомго, андан соң 600 миллиард сомго чыгарам, Кумтөрдүн чийеленишкен маселесине чекит коём” деп аткан да Акылбек мырза. Бул ишти аткаруу кимдин колунан келет, айткылачы? Анын акылы чындыгында кырк качырга жүк. Пайдаланып калбайлыбы?..
Көшөгө артынан айрым кландар каршылык көрсөтүшүп, жандалбаска түшүп атышканы байкалууда. Баягы эле жеңил-желпи сөздөр. Негизи эле кызматынан кетирүүгө жасалган аракеттер суу кечпейт. Акылбек Жапаровго каршы интрига, “кырчаңгы оюндун” аягы кантет?
"Азия Ньюс" гезити