Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Башкы прокурор Максат Асаналиевдин чечкиндүүлүгү аба менен суудай керек болууда

Башкы прокурор Максат Асаналиевдин чечкиндүүлүгү аба менен суудай керек болууда

25-июнь, 08:00
593 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эл көзүнө жасалма мүнөз күтүп, кыргызчылыкты колдоп, прокуратураны гүлдөтүп аткандай ишарат жасаган Курманкул Зулушев кызматтан кеткенден кийин былыктары чыгып баштадыбы? Коррупцияга батып, көшөгө артынан байыганбы? Бир топ мыйзамсыз иштерди козготсо, алар соттон акталып кеткенин жашыра албайбыз да. Министр Алымкадыр Бейшеналиевди мисалга алалы. Мындайлар канча? Кадрларды болсо сапатына эмес, жердешчиликке карап, анан пулдачу беле? “Шибегени капка ката албайсың” дейт.

Башкы прокуратурага Максат Асаналиев дайындалып, сыртынан караганда кадрдык тазалануу жүрүп жаткандай сезилүүдө. А иш жүзүндө орун басарлары өзүнүн эрки менен алмашылып атабы (?), бул өзүнчө кеп. Аскер прокурору Мирбек Расулов кызматтан кеткен Курманкул Зулушевдин көздөй жакыны экени белгилүү. Буга “тиши өтпөйбү”? Ушул өңүтүнөн алганда, ич ара интригалар курчуп бараткандай... Ал эми Бишкек шаарынын төрт районуна мурдатан Курманкул Зулушевдин “Хюреми” дайындаткан прокурорлордун тагдырлары кантет? Максат Асаналиевдин эрктүүлүгү чыныгы тазаланууга, кадрдык реформага жетеби? Жалпы коллектив ачык айта албаса да ич ара кайнап, Зулушевдин “кол ийрисине тарткан” адамдарынан арылууну күтүшүүдө. Башкы прокурордун чечкиндүүлүгү гана аба менен суудай керек экен.

Дагы бир олуттуу жагдайды эске алалы. Курманкул Зулушев УКМК астында жалтактап жатып, башкы прокуратурадан тергөөнү тарттырып жиберген. Ошентип, мыйзамды көзөмөлдөөчү органдын куту кетип, образдуу айтканда, эч нерсеге жарабай, жарамсыз абалга кептелгенин билесиңерби? Мына ушундай кыянаттыкта жасалган иштерди Максат Асаналиев оңдоп, прокуратуранын баштагы мыйзамдуулугун, таасирин кайра кайтарабы? Убакыт бар. Чындап системага күйсө, тарыхый саамалыктарды жүзөгө ашырса болот. Кыскасы, Зулушев калтырып кеткен “саздан” чыга алабы?..  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер