Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстан сом менен рублдин курсун долларга карап аныктоого өттү

Кыргызстан сом менен рублдин курсун долларга карап аныктоого өттү

14-март, 12:26
1 022 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев “орус рублинин кыргыз сомуна карата расмий курсун аныктоо тартибин убактылуу өзгөртүү жөнүндө” токтомго кол койду. Бул тууралуу башкы каржы көзөмөл мекемесинин сайтында кабарланды.

Ага ылайык, сом менен рублдин курсу мындан ары кросс-курс ыкмасында аныкталат. Бир валюта менен экинчи валютанын катышы үчүнчү валютанын негизинде чечилген ыкма “кросс-курс” деп аталат. Улуттук банк рубль менен доллардын курсун мындан ары “Блумберг” маалымат агенттигинен жана “Рейтерс” маалымат агенттигинен гана ала турган болду.

Улуттук банктын 2013-жылы кабыл алынган токтомунун 22-пунктунда сом менен рублдин курсу Москва банктар аралык валюталык биржасындагы баалардын негизинде аныкталары көрсөтүлгөн. Жаңы токтомдо бул пункт убактылуу күчүн жоготту.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер