Акыркы кабарлар
» Коом » Мектепте англис тилин көп окутуп, лицейге IT сабагын киргизиш керек
Мектепте англис тилин көп окутуп, лицейге IT сабагын киргизиш керек
13-апрель, 12:39


Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева өлкөдө жумушсуздук маселесин чечүү үчүн маалыматтык технологиялар (IT) секторун колго алууну сунуштады.
Эл өкүлү IT адистерин чыгаруу үчүн мектепте англис тилин окутууга жана мугалимдерди даярдоого маани берүү керектигин белгилеп, Кыргызстанды жакынкы келечекте КМШдагы IT индустриясынын борборуна айландыруу мүмкүн экенин айтты.
Мындан улам төмөнкүлөр сунушталууда:
-- мектепте англис тили боюнча сабакты көбөйтүү, анын сапатына көңүл буруу;
-- 9-11-класстын базасындагы кесиптик-техникалык лицейлерде IT адистиги боюнча сабак киргизүү;
-- жумушсуз кайтып келген мигранттарды IT адистигине кыска мөөнөттүү курстарда окутуп, аларды жумуш менен камсыздоо жолдорун үйрөнүп чыгуу.
Эл өкүлү жогоруда айтылган сунуштар боюнча тийешелүү министрликтерге протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.










