Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кошоматчы генералдар 10-марттагы ардагерлердин митингине бөгөт коюштубу?

Кошоматчы генералдар 10-марттагы ардагерлердин митингине бөгөт коюштубу?

09-март, 12:05
659 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн эмгектери бааланбаганы, пенсия көтөрүлбөгөнү үчүн ИИМдин ветерандары 10-мартта нааразычылык акциясына чыга турганы кабарланган. Мунун баары өкмөттүн куру убадаларына барып такалат. Күтүлгөн кыйчалыш кырдаалды жайгаруу үчүн генералдар аймактарды ар кандай шылтоолор менен кыдырышып, милициянын коштоосунда жүрүштү. Сыягы, кесиптештерин алдын ала жайгаруу, сүйлөшүү тактикаларын өткөрүштү окшойт. Аз күн мурда облустардан ар кандай иш-чараларга күбө болдук. ИИМ астында чарк айланган Садырбек Дубанаев, Курманбек Кубатбеков, Кемелбек Киязов, Расулберди Раимбердиев, Абдыкар Мавлянов, Абдылда Суранчиев, Бексултан Ишимов, Шейшенбек Байзаков ж.б. “жагымпоздор” жайгаруу жандалбасында жүрүштү го. Албетте, тымызын аракеттер менен. Өнүгүү, ынтымак, туруктуулукту оозанымыш этишип, а түпкүлүгүндө бийликке жакшы көрүнүмүш этишип, жеке кызыкчылыктарын чечип алуу амалдары беле? Буларга түшүнүп болбойт. Жаш кездеринде канчалык кошоматчы болушса, карыганда бул жагынан тажрыйбалары артат тура. Баса, намыстуу ардагерлер “Генералдар клубуна” кошулбай калышканы эмнени билдирет? Бул таризде өзүнчө кеп козуйт да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер