Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлдөр да адамдардай түш көрүшөт

Гүлдөр да адамдардай түш көрүшөт

23-февраль, 22:46
576 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөгө атагы чыккан улуу композитор Поль Мориа Франциянын Марсель шаарында 1925-жылы 4-мартта жарык дүйнөгө келген. Ал Марсель консерваториясынын фортепиано классын аяктагандан кийин, 17 жашында өзүнүн биринчи оркестрин түзгөн. 1962-жылы Поль Морианын биринчи дүйнөлүк хити белгилүү француз композитору Франк Пурсел менен биргеликте жаралган. 1969-жылдан баштап Пол Mориа Америка Кошмо Штаттары жана Канада, Япония, Түштүк Корея, Бразилия жана башка Латын Америка өлкөлөрүндө көптөгөн концерттик турларды тартуулайт.

Поль Морианын оркестринин акыркы альбому 1997-жылы жазылган. 1998-жылы композитордун жигердүү чыгармачылыгы акырындап токтоп, оркестрге өтө таланттуу пианист Жиль Гамбюс дирижер болуп калат. 

Поль Мориа 2006-жылы 3-ноябрда Франциянын түштүгүндө 81 жаш курагында каза болгон. Анын артында калган эмне деген керемет музыкалар эскирмек тургай кайрадан жаңырып, адамдардын жандүйнөсүн байытып, уккан сайын кайрадан уга берүүгө мажбурлайт. Мисалы, анын "Гүлдөрдүн түшү" чыгармасы. Жайкалган гүл талаалары. Гүлдөр да адамдай жаралат. Адамдардай узакка укташат. Адамдардай түш көрүшөт... Керемет чыгарма! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер