» Саясат » Алтынбек Намазалиев, Бакыт Райымкулов жана Урмат Самаев... Кимисинин жылдызы жанат?
Алтынбек Намазалиев, Бакыт Райымкулов жана Урмат Самаев... Кимисинин жылдызы жанат?
21-февраль, 19:34
741 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Чүй облусунун губернаторлугу талашка түшүп, Алтынбек Намазалиев, Бакыт Райымкулов жана Урмат Самаев өңдүү тыңчыкмалар чуркап атышканы, ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөрү ырас. Бийлик төбөлдөрү азырынча эч кимисине токтоло элек экен. Талапкерлердин ичинен Алтынбек Намазалиевдин таасири катуулап, түндүк-түштүк кланындагы айрым саясатчылар тымызын сүрөй башташканына караганда, жакында жылдызы жанат окшойт. Бул жигит Чүй облусунун губернаторлугунан башка да кызматтарга “кудаланып” атканы айтылууда. Сыягы, Сары Өзөндүн белдүү саясатчылары четтеп турушканда, жаш түлөктөрдүн чыга башташканы ушулбу?