Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамин Акималиев, академик: “Президент айыл чарбасына өзгөчө көңүл бурууда”

Жамин Акималиев, академик: “Президент айыл чарбасына өзгөчө көңүл бурууда”

13-март, 22:48
870 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жамин агай, “быйыл кар аз жаады, кургакчыл жыл болот” деген божомолдор айтылууда. Өкмөт тамак-аш коопсуздугун сакташ үчүн эмне кылышы керек?

-- Жыл кургакчыл болушу мүмкүн, анткени быйыл көпчүлүк жерлерде, өзгөчө Нарын облусунда кар аябай аз жаады. Бирок бул көйгөй түшүмдүн аз болушуна алып келбеши керек. Анткени, биз суунун башында турабыз. Жалпы Борбор Азиянын сууга карата муктаждыгынын дээрлик 40 пайызы Кыргызстанда жайгашкан. Башкача айтканда, өзүбүздүн өсүмдүктөрүбүздү суу менен камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Ал үчүн бизде Токтогул, Кара-Буура, Орто-Токой, Найман жана башка ондогон жасалма суу сактагычтар өз убагында курулган. Кептин баардыгы өзүбүздүн суубузду натыйжалуу пайдаланууда турат. Анткени арыктарга бетон жабылбагандыктын, аларды тазалабагандыктын жана сугаруунун алдыңкы ыкмаларын өтө начар пайдалангандыктын натыйжасында колубуздагы суунун жарымына жакыны коромжуга учуроодо. Демек, биз сууну машиналардын жардамы менен жаадыртып, тамчылатып сугарууну кеңири ишке ашырышыбыз керек. Тагыраагы, бир тамчы сууну дагы текке кетирбешибиз зарыл. Айта кетчү нерсе, республикада 1 миллион 250 миң гектар айдоо жерибиз бар. Аларды туура пайдалансак, биз 7 миллион эмес, 10 миллион калкты тамак-аш менен камсыз кыла алабыз. Жер семирткичтерди колдонуунун ролу дагы чоң. Эгерде бизге бир жылга 300 миң тонна минералдык жер семирткич керектелсе, азыр 80 миң гана тонна көлөмүбүз бар, бул таптакыр жетишсиз. Минералдык жер семирткичтерди толук пайдалануунун эсебинен эле түшүмдү 35 пайызга көтөрсө болот.

Дагы бир олуттуу көйгөй – бул өндүрүлгөн продукцияны кайра иштетүүнүн өтө начардыгында. 1980-жылдарда республика айыл чарба азык-түлүгүнүн 50 пайызын кайра иштетип келсе, азыр бул көрсөткүч 5 гана пайызды түзөт. Ушуга байланыштуу соода-логистикалык борборлорду жана кайра иштетүүчү ишканаларды кагаз жүзүндө эмес, чындыгында куруу талап кылынат. Ал үчүн мамлекеттик бюджетти эле карап отурбай, сырттан инвестиция тартуу зарыл. Дагы бир начар жагыбыз – бул өндүрүлгөн азык-түлүктү биздин майда чарбаларыбыз сыртка сатып чыга албагандыгында. Жалпысынан айтсак, кайра иштетүүнүн жана даяр продукцияны сатып алуунун начардыгынын кесепетинен жыл сайын алынган түшүмдүн 30 пайызы бузулуп кетип, коромжуга учуроодо. Жогоруда айтылган кемчиликтерди жоё алсак, быйылкы жылы деле жакшы ийгиликтерге жетише алабыз.

-- Кыргызстанда бир жылы сабиз, бир жылы пияз кымбаттайт. Быйыл кезек картөшкөгө келди. Мындай кымбатчылыкты жасалма жолдор менен бирөө жарым уюштурабы же зарылчылык өзү ушундай жагдайды жаратабы? 

-- Жыл сайын кандайдыр бир азыктын банкротко туш келишине жол бербөө үчүн биз мамлекеттик заказга өтүшүбүз талапка ылайык. Социалдык мааниси бар 9 тамак-ашка, башкача айтканда, буудай, өсүмдүк майы, кумшекер, мөмө-жемиш, жашылча, картошка, сүт, эт жана жумуртканы керектүү өлчөмдө өндүрүү боюнча мамлекет менен дыйкан чарбаларынын ортосунда келишим түзүлүшү шарт. Анда облус, район, фермерлер, кооперативдер келишимде көрсөтүлгөн көлөмдөрдү өндүрүп берүүгө милдеттүү болушу керек. Ал эми мамлекет ошол заказга ылайык өндүрүлгөн азык-түлүктүн көлөмүн милдеттүү түрдө сатып алып, кайра иштетиши жана экспортко чыгарышы зарыл. Мына ошондо гана айыл чарбасы алдыга жылып, тамак-аш коопсуздугун камсыз кыла алат. Кыскасы, чарбалардын ыйык милдети – мамлекеттик заказды кыйшаюусуз аткаруу, ал эми мамлекеттин түздөн түз милдети – ошол өндүрүлгөн продукцияны өз убагында сатып алып, чарбалар менен толук түрдө эсептешүү. 

-- Айыл чарба министри бир эле учурда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгын да кошо аркалоодо. Иштин илгерилегени байкалдыбы?

-- Айыл чарба министринин бир эле убакытта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болушу  бюрократияны жокко чыгарып, күнүмдүк чарба иштеринин тез арада чечилишине шарт түзүп берди. Эгерде мурун айыл чарба министри өздөрүнүн көйгөйлөрүн өкмөткө сунуш кылып, анын чечилишин айлап күтүп жүрсө, азыр бул маселелер тез эле ишке ашууда. Иштин мындай тартипте чечилиши ийгиликтерди жаратты. Мисалы, эгер мурун биз өлкөбүздү айыл чарбасынын 3 гана тамак-ашы (жашылча, картошка жана сүт) менен камсыз кылып келсек, азыр 5 азык менен камсыздоодобуз. Мурдагы 3 тамак-ашка эми кумшекер менен эт кошулду. Ошентип айыл чарбасын башкарууну жакшыртуу өзүнүн жемишин бере баштады.

-- Айыл чарба, мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында арзаныраак пайыз менен берилген кредиттердин пайдасын эл да, мамлекет да көрүп жатабы?

-- Президент Садыр Жапаров айыл чарбасына өзгөчө көңүл бурууда. Мисалы, эгерде 2024-жылы бул маанилүү тармакка мамлекет тарабынан 15 миллиард сом бөлүнгөн болсо, быйылкы жылы андай жардам 33 миллиард сомго чейин көбөйдү. Кеп, ушундай чоң өлчөмдөгү каражатты максаттуу пайдаланууда турат. Дагы бир маанилүү маселе, биз айыл чарбасына жардам катары каралган насыя акчалардын үстөгүн 6 пайыздан 3 пайызга чейин түшүрсөк, дыйкандарга көрсөткөн чоң жардам болот эле. Мындан мамлекет утулбайт, себеби, айыл чарба продукциясынын көлөмүнүн көбөйүүсүнүн эсебинен республикабыздын улуттук кирешеси жогорулай алат.  


Чынайым Кутманалиева

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер