Темир Сариев активдүүлүгүн көрсөтүп, сырдуу жүрүш салганда
Экс-премьер-министр Темир Сариев саясый талаада активдүүлүгүн көрсөтө баштады. Электоратын чыңдап, коомдук ишмерлер, элита чөйрөсү менен жолугушууларды уюштуруп, сырдуу жүрүш салганы байкалууда. Эми акырындан пиар иштерин колго алса, түшүп кеткен рейтингин көтөрүп, Бакиев доорундагы популярдуулугу, жылдызы кайра жанабы? Темике жөн жерден козголбойт эле. Бир жылга эрте ойлонгон сергек жаны кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү сезип, эртелеп кыймылдап калган кербезиби? “Чуркаган эмес, буюрган алат” дейт. Ким билет? Эгерде Темир Сариев туура анализ жасап, баштагы каталарын кайталабай, максаттуу демилгелери менен дымактуу чыкса, балким президенттик шайлоодо негизги талапкерлердин бирине айланабы? Азырынча “кан майданга” карай көп нерсе бүдөмүк, жыйынтыгында, ой-кыялдар ала качкан заманда жашап атабыз, баарына даяр турушубуз абзел.
"Азия Ньюс" гезити