Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмазбек ТОКТОРОВ, ЖК депутаты: “Казактар жок контрабанданы шылтоолошуп, депутат Дамирбек Асылбек уулун ак жеринен камашкан”

Алмазбек ТОКТОРОВ, ЖК депутаты: “Казактар жок контрабанданы шылтоолошуп, депутат Дамирбек Асылбек уулун ак жеринен камашкан”

22-ноябрь, 10:30
555 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алмазбек Сатиевич, Казакстанда соттолгон экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланып, Жогорку сот Алматы сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Бул чечим боюнча сиздин оюңуз кандай?

-- Казактар тарабынан Дамирбек Асылбек уулуна туура эмес чечим болгон. Өзү контрабанда деген жок нерсе. Юридически жок. Азыр чек аралар ачылган, бажылык досмотр деген жок. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, жумушчу күчү эркин айланат. Тигилер болсо “контрабанда” деген берене менен камап атышат. Бул бир. Экинчиси, “контрабанда менен шугулданган топ” деп камалгандардын баарын чыгарып ийишти. Азыр бир да абакта отурган казакстандык жок. 

-- Бул чын маалыматпы?

-- Ооба, баардыгы чыгып кеткен. Биздин жаранды гана кармап отурушту. Себеби, ЖМКларда “кылмыштуу чоң топ кармалды” деп аябай сенсация болуп, артка кайта албай калышты. Биздин укук коргоо органдарынын берген кагаздарынын баарында “товарлар пошлиналары төлөнгөн, контрабанда эмес, биздин эч кандай дооматыбыз жок” деп айтылган болчу. Бирок, казактын соту ал дооматтарды эске алган жок. Кыргызстанга экстрадицияланганы туура эле болду. Эми Жогорку сот жаңы ачылган жагдайлар боюнча карап көрсө болот. 

-- Эгер биздин соттор чыгарып ийсе, эл аралык чыр чыкпайбы?

-- Ооба, экстрадициянын белгилүү бир шарттары бар. Казак кошуналар биздин Жогорку сотубуз чечим чыгаргандан кийин “силер актап ийдиңер” деп нааразы болушу мүмкүн. Бирок, бул жерде кеп адамдын тагдыры тууралуу болуп жатпайбы. Дамирбек Асылбек уулу ак жеринен камалып атса... Ар бир адамдын баасы бар да. Биздин мамлекеттик органдар кагаздарды берсе, ошону эске албай чечим чыгарып атса, бул дагы туура эмес да. Эки өлкөнүн мамилеси – бул бир маселе. Бирок, адамдын тагдыры андан бийик турат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер