Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мавлянованын “маараганы” жергиликтүү элдин кыжырын кайнатып атат

Мавлянованын “маараганы” жергиликтүү элдин кыжырын кайнатып атат

03-ноябрь, 21:25
1 092 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Иралды, депутат Махабат Мавлянованын Жогорку Кеңештен улам-улам барак карап, сүйлөгөн сөзүн оңдоосуз берели: 

--Алмаз Акунжанович, менин бүгүнкү көтөрчү маселем төмөнкүчө. Баарыңыз билгендей эле 7-8-август күнү каргашалуу Кой-Таш айылындагы окуясында, Ноокат районун туулган, Кулатов айылынан туулган Ниязбеков Үсөн Ниязбековичтин ок алып, ок алып 47 жашында курман болду. Анын артында алты баласы калды, энеси боздоп калды. Мына ошол Ноокаттын эли менен жолукканда кайра-кайра кайрылып айтып жатышат, мурдагы президент болобу, ким болобу, ошол үйүнөн курал кармап, тынчтык күндө алты баланын атасынан ажыраткан, энени боздоткон кылмыш үчүн жооп берсин, акыйкаттыкты көрсөтсүн деп, мынакей СМИде жана башка жакта булактар айтылып жатат, “артында эки эле баласы калды” деп. Бирок алты баласы бар, ушул конфискацияланган мүлктөрүнөн ошо алты балага турак-жайды камсыздоо жактарын караш керек, сөссүз түрдө жана жардамды эки балага эмес, алты балага караш керек,-деп балдырады. 

Кагазга жазып алган кеби да кемтик экен. Стилистикасы бузулган... Мындай сабатсыз билдирүүдөн кийин жергиликтүү элдин нааразычылыгы жаралды. “Каргашалуу Кой-Таш айылындагы окуясында...” деп “маараганы” эмнеси? Дал ушул сөзгө, айылды “каргашалуу” деп тергегени үчүн көпчүлүктүн кыжыры кайнап атат. Түпкүлүгүндө “соодагер-коммерсант” Мавлянова сөздүн наркын, баасын билбей эле былжырай береби? Оңой оокаттын күчү менен табылган акчасын сапырып, төрт жылдан бери депутат болуп отурса да кат-сабаты жоюлбаптыр эй. Ал эми Үсөн Ниязбековду эч ким атпай эле “ок алыптыр”. Өзүн-өзү атканбы? Атамбаевдин короосуна маркум мыйзамдуу бардыбы, мыйзамсызбы, ага ким ок чыгарган? Азырынча так кесе бүтүм чыга элек да. Кызык, кандайча конфискацияланган мүлктөрүнөн ошол алты балага турак-жайды камсыздаш керек?.. Мавлянова таза акылдан айныган эмеспи? Айтор, бул аялдын ар бир сөзүн чечмелей берсе болот, бирок, нерв керек экен да...

Дал ушундай “эки аяктуулардын” айынан “120 кой”, “Чимкирик парламент” деген лакап аттар бап келишип атат да. Булар мамлекетти уят кылып бүтүшсө да беттери кызарбайт тура...

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер