Акыркы кабарлар
» Саясат » Садыр Жапаровду күч органдарынын башчылары адаштырып жатышабы?
Садыр Жапаровду күч органдарынын башчылары адаштырып жатышабы?
19-февраль, 00:40
1 393 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Муфтияттагы интрига, каржылык ызы-чуу, Максат ажы Токтомушевдин камалып чыгышы бийликтин беделине сокку ургандай болду. Президент Садыр Жапаровго күч органдары туура эмес маалымат беришип, адаштырып салышканбы? Чечмелебей эле коёлу. Муфтияттагы миллиондор ордунда эле сакталып турганын ошол тармактын өкүлдөрү Акин Токталиев менен Бакыт Нурдинов айтып чыгышты. Коомчулук эки анжы абалда калды. Президенттик аппарат тыңгылыктуу жооп жасай алышкан жок. Мындай жагдайда Садыр Жапаров айланасын тазалап, күч органдарынын башчыларын алмаштырып, профессионалдарга басым жасашы зарыл. Эске салсак, мурдагы президенттер генералдардан, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринен күйүп, трагедияга кабылышкан. Андыктан, алдын ала ойлонуу керек.
"Азия Ньюс" гезити