Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Жапаров: “Батыш өлкөлөрүнө көмүр экспорттоо күчөдү”

Акылбек Жапаров: “Батыш өлкөлөрүнө көмүр экспорттоо күчөдү”

19-октябрь, 18:43
243 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек жылуулук электр борборунда бүгүнкү күндө 253 миң тонна көмүр, 4,2 миң тонна мазут бар. Бул тууралуу парламенттин 19-октябрдагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.

Калктын аялуу катмарына 1 тоннадан көмүр акысыз таратылып берилди. Анын ичинен Баткен облусу боюнча 875 үй-бүлөгө 603,8 тонна көмүр таратылууда.

Акылбек Жапаровдун маалыматына караганда, Кыргызстан Борбор Азияда көмүрдүн запасы боюнча экинчи орунда турат. Экспорттук потенциалы чоң. Акыркы сегиз жылда көмүр казуу эки эсе өстү. Жыл сайын 1,5 млн. тонна көмүр казылып келген, быйыл 3,5 млн. тоннага чейин көмүр казылары күтүлүүдө. Буга чейин казылган көмүрдүн 30-35 пайызы Өзбекстан, Тажикстан, Грузия, Кытай, Түркияга экспорттолуп келген. Быйыл Чехия, Румыния, Балтика өлкөлөрү да кошулду. Экспорттун 70 пайызы темир жол аркылуу гана ташылат.

«Бажы кызматынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын тогуз айында 2,7 млрд. сомго 993,8 миң тонна көмүр экспорттолду. Сатуу жылдагыдан 25%га көп болду. Бирок мунун баары Европага чыгып кеткен жери жок. Европага болгону 60 миң тонна көмүр сатылды. Россия–Украина согушуна байланыштуу Батыш өлкөлөрүнө көмүр көбүрөөк чыгарылып жатат. Экспорт Кыргызстандын ичинде көмүрдүн баасына катуу таасирин тийгизген жок» деди Акылбек Жапаров.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер