Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек Карымов, ырчы: “Бийликке оппозициянын кереги жок, коомдук көзөмөл күчөдү”

Айбек Карымов, ырчы: “Бийликке оппозициянын кереги жок, коомдук көзөмөл күчөдү”

08-ноябрь, 09:00
412 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бийликке сын айткандардын баарын камай берип, эл ээрчий турган лидер жок болуп жатабы, же Кыргызстанга оппозициянын кереги жок мезгил келип калдыбы?

-Оппозиция бизде жокко эсе болуп калды. Себеби, оппозициянын ордун эл, карапайым калк өзү эле басып калды. Мурда оппозиционерлер жыйындарда, ЖМКларда бийликтин катачылыгын сандаса, азыр эл социалдык тармак аркылуу министрликтердин кемчиликтерин көзгө сайып көрсөтүп жатышат. Көйгөй жаралган жерде карапайым эл өзү эле видео кайрылуу жасап, маселе чечилиш үчүн сөзсүз телеканалдар чагылдырыш керек, журналисттер жазыш керек! дебей эле эл өзү бийликке түз кайрыла баштады. Тагыраагы, коомдук көзөмөл күчөдү. Бийлик дагы социалдык тармактагы көйгөйлүү маселелерге маани бере баштады.

Ошон үчүн эл оппозиционерлерди күтпөй эле коомчулук активдүү болуп кетти. Эгерде ушундай темп менен кете берсек, эл өзү эле тескепадашып жаткан тармактарды жолго салып калат. Акыркы мезгилде оппозиция деген түшүнүк элди башка бир нерсеге үндөгөндөй эле таасир калтырууда. Мүмкүн тынч жашаганыбыз дурустур...

-Кыргызстанда сөз эркиндиги барбы же муунтулуп жатабы?

-Негизи Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнө салыштырмалуу сөз эркиндиги бар. Тагыраагы, сөз эркиндиги боюнча Орто Азияда биринчи орунда турабыз. Болгону сөз эркиндигин ээнооздукка алмаштырып, аша чаап, жоопкерчиликти сезбей жатабыз. Чынында сөз эркиндиги деген бул өтө чоң жоопкерчилик. Аны билбей жазып, сүйлөп алгандар мыйзам чегинде жооп берип жатышат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер