Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлзат Аалиева: «Алдамчы Асыл Талиповага ИИМдеги чоң кызматкерлер «крыша» болгонун уктук»

Гүлзат Аалиева: «Алдамчы Асыл Талиповага ИИМдеги чоң кызматкерлер «крыша» болгонун уктук»

20-декабрь, 09:30
3 242 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомдук ишмер, философия илимдеринин кандидаты, доцент менен маек.

-- Гүлзат карындашым, өзүңдүн соттук иштериң кайсы стадияга жетти? Бул жаатта эмне дейт элең?

-- Менин соттук иштерим 2021-жылдын 2-июль күнү башталган. Бирок, 2021-жылдын 30-ноябрына чейин мага каршы арыз жазган Канатбек Дүйшөнбек уулунун Египетте диний билим алып жатканына байланыштуу процесстер 7 жолу артка жылды. 2021-жылдын 30-ноябрь күнү Канатбек Дүйшөнбек уулу Египеттен келип, сотко төмөнкүдөй эки талапты койгон:

1. Аны жабырлануучу деп табуу;

2. Материалдык жана моралдык чыгашаларды Гүлзат Аалиевадан жабырлануучунун пайдасына өндүрүп берүү. 

Бирок, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков анын өтүнүчүн канааттандырган жок. Натыйжада, Канатбек Дүйшөнбек уулу «жабырлануучу» эмес, «күбө» деген статус алган. 2021-жылдын 15-декабрь күнү, саат 14.00дө доочу тараптын күбөлөрү сотто көрсөтмө беришмек. Бирок, мага каршы болуп жүргөн радикалдуу исламисттер тобу бул саам сотко келбей коюшту.

-- Ошол эле учурда бир тууганың – Уланбек Аалиевдин соттук иши эмне болуп атат? 

-- Мен камакка алынгандан кийин менин бир тууганым – милициянын полковниги, Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБнин начальниги Уланбек Аалиев «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алты баланын жалгыз бой энеси Асыл Талипованы камакка алды» деген айып менен 2021-жылдын 21-октябрь күнү Аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан камакка алынган. Камакка алууда процессуалдык нормалар одоно бузулган: Аскер прокуратурасынын кызматкерлери Октябрь РИИБнин начальниги Уланбек Аалиевдин кабинетинин эшигин түн ичинде күбөлөрсүз (понятойлорсуз) талкалап киришип, астын-үстүн кыла тинтишкен. Мындан соң алар полковник Аалиевдин үйүнө да жулунуп барышып, тинтүү иштерин кылышкан. Бирок, эмне издеп, эмне тапканы бизге али белгисиз. 2021-жылдын 21-октябрынан бери полковник Уланбек Аалиев камакка алган Асыл Талипова деген аял өзүн «мен «Капитал-Строй» деген курулуш компаниянын директорумун» деп тааныштырып, жарандарга «жел батирлерди» («фиктивные квартиры») сатып, алардан 2 миллиондон ашуун АКШ долларын алдап алган. 2021-жылдын 21-октябрына чейин Асыл Талиповага каршы 31 арыз жазылган. Анын 30 арызын ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы тартып кеткен. 31-арыз жазылганда полковник Аалиев элдин акчасын алдаган Асыл Талипованы камоого буйрук берет. Бирок, Асыл Талипованын адвокаты Канат Хасанов 2021-жылдын 1-октябрында жалгыз пикетке чыгып, камакка алынган Асыл Талипованы үй камагына чыгарып, полковник Уланбек Аалиевди каматууга жетишкен. Иштин жүрүшүндө алдамчы Асыл Талиповага «крыша» болгондор – ИИМде чоң кызматты ээлеп отургандар экенин элден уктук. Ошонун чын-бышыгын текшерип берүү тууралуу КР президентинен баштап, күч түзүмдөрү менен укук коргоо органдарынын жетекчилигинен өтүнгөн коллективдүү кайрылууларды жазганбыз. Бирок, азырынча ал кайрылууларга жооп келе элек.

-- Негизи эле Аалиевдер эмне болуп атасыңар?

-- Мен саясый мүнөзгө ээ куугунтукка алынып жаткандыктан, иштеген жеке менчик университет эмгек келишимимди узарткан жок. Менин куугунтукка алынышыма байланыштуу менин сиңдим – философия илимдеринин кандидаты, доцент, философиянын тарыхы, маданият таануу, Манас таануу боюнча керемет окуу куралдарынын автору көп жыл ийгиликтүү иштеген үч университеттен эч себепсиз куулуп, азыр жумушу жок үйдө отурат. Кичүү сиңдим иштеп жатат. Буюрса, ал иштеген университеттин жетекчилиги ыплас мүнөздөгү пастыкка барбайт (!) деп терең ишенем.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер