Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыяз Молдокасымов: “Жалпы элдин эңсегени тынчтык жана бейпилдик!”

Кыяз Молдокасымов: “Жалпы элдин эңсегени тынчтык жана бейпилдик!”

02-декабрь, 02:09
1 303 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тарыхчы Кыяз Молдокасымов учурдагы саясый абал тууралуу пикирин айтты. 

“Убагында ордо оюнунан от чыгып, бир атанын балдары чабышып, кыргынга кабылган. Учурунда ордо оюну улут лидери Исхак Раззаковду кызматтан кетирип, четке айдаткан. Эл башына келе турган мыктыларды мертинтип, өмүрүн кыйган. Шайлоо чатактарынан улам үч президент Акүйдөн куулган. Булардын баардыгы тарыхтын чындыгы жана сабактары.

Жаңыдан жалын ала баштаган чатак да шайлоодон улам болууда. Шайлоону таза өткөрүүгө президент болгон аракетин жасаганына жалпы эл күбө. Акырында АСУнун адашуусу жасалган жакшы иштерге көө сыйпап таштады. АСУнун адашуусун жөнгө салалы, добуштун жыйынтыгын кол менен санап, чындыкты элге жарыялап, жаңылыштыкты оңдойлу (!) дегенге көгөрүп макул болбогон тарап ортодо тирешүүнү күчөтүп, чыр-чатак ырбап бараткандай. 

Өткөн тарыхыбызды эстеп, андан сабак алып, абалдан чыгуунун туура жолуна түшпөсөк, өлкөбүздү кара булут каптайт. 30 жылдык эгемендүүлүгүбүзгө доо кетет. Андыктан кол санактын жыйынтыгын күтөлү. АСУдагы алешемдиктер атайылап жасалган болсо, айыптуулар аныкталып, катуу жазалансын! Шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу доо арыздар тыкыр иликтенип, фактылар аныкталса, канча добуш алганына карабай талапкерликтен четтетилсин! Шайлоонун расмий жыйынтыгы менен макул болбой тирешкендер мамлекет кызыкчылыгын бийик коюп, ырбап бараткан чыр-чатакты токтотолу! Кан төгүлүүнү самаган күчтөрдүн аракетин, эңсегенин акыл-эс менен жеңели. Өлкөгө эң башкысы тынчтык керек! Жалпы элдин эңсегени да тынчтык жана бейпилдик!” 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер