Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мени апамдын фамилиясы менен жашаганым өкүндүрөт

Мени апамдын фамилиясы менен жашаганым өкүндүрөт

26-март, 19:43
2 139 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Апам ажырашкандан кийин атам менен жолугушууга таптакыр тыюу салды. Өзүнүн фамилиясын берди. Бирок бул мен үчүн өмүр бою унутулбай турган жаракат эле. Тааныштарыма да атасыз экенимди айтканда, ал эле эмес кайненем да мени “тексиз” деп артымдан жамандайт. Жылдар өтсө да апамдын кылганы менин жүрөгүмдө калууда. Мен дайыма ойлой берем: “Эгер атам менен байланышып турсам, жашоом өзгөрмөкпү? Ал кандай ата болмок? Мага эмнелерди үйрөтмөк?” дейм...

Мектепте башка балдар аталарын айтып сыймыктанганда, мен эч качан ал жөнүндө сыр бөлүшө албадым. Апам баардык милдетти өзүнө алып, мага эч кандай эркиндик бербей, катуу көзөмөлдөп өстүрдү. Эгерде мен атам тууралуу сүйлөгөнгө аракет кылсам, дароо сөздү токтотуп, “ал биз үчүн жок, бүттү!» деп койчу.

Бул темага акырындык менен тыюу салынды. Мен өзүмдүн сезимдеримди ичиме түйүп, катып чоңойдум. Бирок жалгыздык эч качан мени таштаган жок. Күзгүдөн өзүмдү карап, атама канчалык окшош экенимди ойлонуп калчумун. Жүзүм, мүнөзүм, адаттарым — булар мен үчүн чоң сыр эле...


Альбина         

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер