Баш кошуп алган өспүрүмдөр

Нарын районунун Миң-Булак айылында 17 жаштагы өспүрүмдөр баш кошуп алышкан. Бул маалыматты аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Нарын РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Куйбышев айылында жашы жете элек, тактап айтканда, 17 жаштагы жаш өспүрүмдөр үйлөнүп алышкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, 2002-жылы туулган Э.у.Ж. менен 2002-жылы туулган Б.к.Ж. жашы жете электе баш кошуп жаткандыгы аныкталган.
«Бул жаш өспүрүмдөр 9-классты аяктаган соң өз каалоосу менен мектептен чыгып, Бишкек шаарында тигүү цехинде иштеп жүрүп, ошол жерден таанышып калышкан. Алар ата-энесинин макулдугу менен үйлөнүү чечимин чыгарышкан. Бүгүнкү күндө териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат» деп айтылат маалыматта.