“Көз боочу” коррупционерби?
Жакында саясый элитанын тар чөйрөсүндө Нурлан Сулайманов талкууга алынып, анын көз боочудай сапаттары айтылды. Жакын эле жүргөн санаалашы: “Нурлан бир гана Атамбаевди алдай алган жок, калганын бал сөзгө салып, жибитип коёт. Ошон үчүн жоопкерчилиги каралбай, кылмыш иштери жабылып, баласы Элдарды парламентке депутат кылып, бизнесин гүлдөтүп жатат да...” деди. Негиздүү бекен? Чындыгында Нурлан Сулаймановдун байлыгы учурда эбегейсиз көбөйүп, ташы өйдө кулап аткан чагы. Эске салсак, транспорт министри кезинде 200 миллион сомдон ашык өөнөгөнү боюнча башкы прокуратура кийин кылмыш ишин козгоп, камакка аларда качып кеткен да. Таза киши эч убакта “куйрук түйбөйт” эмеспи. Нурлан Сулайманов өмүр бою мамлекеттик кызматта жүрүп, 2 миллион долларлык Оштогу мончону салды го? Артезиан бизнесин кантип ачты? Булар боюнча баласы Элдар мактанып айтып алганы белгилүү, а билинбегеничи? Дээрлик дүнүйө-мүлкү боюнча жооп бербейби? Чиновник катары байыса, өмүрү өткөнчө бетке чиркөө болорун билбейби? Балким, кийинки келген бийлик эсебин таап, камап, “кустуруп”, мыйзамдуу алкакта чара көрөбү? Ооба, эл карап турат. Коомчулук Сулаймановдун жоопкерчиликке тартылышын какшай берип тажады окшойт...
"Азия Ньюс" гезити