Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаты: “Көчөгө таштагандан көрө жашыруун төрөткө шарт түзүлгөнү оң”

Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаты: “Көчөгө таштагандан көрө жашыруун төрөткө шарт түзүлгөнү оң”

27-декабрь, 09:00
681 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Гүлшаркан Оконовна, кесиптешиңиз Жылдыз Садырбаеванын жашыруун төрөткө шарт түзүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул долбоор боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Бул зарылчылыктан, өз баласын таштап кеткендер көбөйүп жаткандыктан улам чыккан мыйзам долбоору. Жылдыз Эсенбековна ошон үчүн сунуштап аткан болуш керек. Жаш эне айласы кеткен убакта каякка барат? Көчөгө таштап кеткенден көрө мамлекет тарабынан шарт түзүлгөнү оң. 

-- Бул мыйзам маселени чечүүгө канчалык деңгээлде жардам берер экен?

-- Кыздар айласыздан ошол ишке барып, таштаганга туура келип калган мезгилде ымыркайлар көчөдө калбасын (!) деп, балдарды ойлогон үчүн мыйзам долбоору сунушталып жатат. Мен анын концепциясын азыр окуй элекмин. Негизи, сөз эмне жөнүндө болуп атканы түшүнүктүү эле. Азыр коомдук талкууга коюлду. Коомчулук тарабынан дагы кандай пикирлер айтылат, андан тышкары, парламенттик угуулар болот. Ошолордун баарын эске алып, анан кабыл алынышы керек да. Буга чейин деле бэби-бокстарды ачып, эненин аты-жөнүн купуя сактап, баланы кабыл алуу боюнча сунуштар айтылып жатпады беле, анын баары ишке ашпаганы үчүн ушундай мыйзам долбоору даярдалып жатса керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер