Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Европа: Вирус жугузгандар көбөйдү, чектөөлөр элди көчөгө чыгарды

Европа: Вирус жугузгандар көбөйдү, чектөөлөр элди көчөгө чыгарды

06-декабрь, 12:01
1 034 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Европанын бир катар шаарларында 5-декабрда коронавирус пандемиясына байланышкан чектөөлөргө каршы он миңдеген адамдар көчөгө чыгышты.

Брюсселде ушул аптада кабыл алынган кезектеги чараларга нааразылыгын билдирип, жүздөгөн киши чогулду.

Белгия бийлиги алты жаштан ашкан балдар беткап тагынып жүрүшү керек деген эреже киргизген. Бала бакчалар менен мектептер кышкы каникулга бир жума эрте тарамакчы. Имараттардын ичиндеги иш-чараларга 200дөн көп киши чогула албайт.

Бир күн мурда Венада 40 миңден ашуун киши төртүнчү ишемби катары менен нааразылык акциясын өткөргөн. Вирус жугузгандар кескин көбөйгөндүктөн, 22-ноябрда Австрия Европада биринчи болуп үч апталык карантин киргизген. Өлкөдө февралдан тартып коронавирустан эмдөө милдеттүү болуп эсептелет.

Нааразылык акциялары Германия жана башка өлкөлөрдө да болду. Европаны пандемиянын төртүнчү толкуну вирустун “Омикрон” деген жаңы штаммы камтама кылып жаткан тушта каптады.

Илимпоздор бул вариант тууралуу маалымат азырынча аз дегени менен континенттин саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү алдыдагы айларда “Омикрон” коронавирус жугузгандардын жарымынан көбүн түзүшү ыктымал деп болжолдошот.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер