Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Келечекке карай Сыймык Жапыкеевдин жылдызы жанарына ишеним арбыды

Келечекке карай Сыймык Жапыкеевдин жылдызы жанарына ишеним арбыды

21-январь, 17:00
539 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Элиң сатылма” деп аз күн мурун Сыймык Жапыкеев түз эфирге чыгып, бир топ ачуу кептерди айтып, агынан жарылганга үлгүрдү. Жусуп Абдрахмановду мисал кылып, кыргыздар эле Сталинге арыз жазып жатышып, түбүнө жетишкенин да эскертип өттү. Орто жерден Жоки аттуу блогерди сөгүп, жалган маалымат таратканы үчүн “шыйрагыңды чагып салам” деп ачууланды. Айтор, кызыктуу көрүнүшкө күбө болдук. Ютубдагы ошол түз эфирдеги комментарийлердин баардыгы Сыймык Жапыкеевди колдошуп, салам айтышып, жылуу каалоо-тилектерин жолдошуп, сагынгандарын жашырышкан жок. Жалпысынан алганда, көрөрмандардын көпчүлүгү дуулдап колдогондой элес калтырды. Элди ойготкон чыныгы революционер катары баалашканын эскерте кетели. Кыскасы, Сыймык мырзанын саясый карьерасы дагы да алдыда экенине ынандык. Ал көптөн бери интервью бербей, коомчулукту күттүрүп, сай-сайлап жүргөнү байкалды. Эмесе, келечекке карай Сыймык Жапыкеевдин жылдызы жанарынан коңгуроо кагып коёлу. Көрсө, элди өзүнө тарткан магнити, тубаса харизмасы, таланты бар тура...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер