Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Доллардын сомго карата курсу дээрлик 7% төмөндөдү

Доллардын сомго карата курсу дээрлик 7% төмөндөдү

30-март, 19:47
545 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда доллардын арзандоосу уланууда. Соңку бир күн ичинде анын сомго карата Улуттук банк аныктаган расмий курсу 6,73% төмөндөдү.

29-мартта расмий курс 94,2 сом деп аныкталган болсо, 30-мартка карата 87,9 сомго түштү. Ошол эле кезде евро (6,79%) менен рублдин (6,75%) сомго карата курсу дагы төмөндөгөн.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар 24-февралда Россия Украинага басып кирген күндөн тартып кымбаттай баштаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 106 сомго жеткен.

Кыргызстанда баалар доллардын курсуна карата аныкталгандыктан негизги азык-түлүк кымбаттап кетти.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер