Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Камчыбек Кыдыршаевич кызматкерлерине кысым көрсөтпөй эле “чындыкты айткыла” деген”

“Камчыбек Кыдыршаевич кызматкерлерине кысым көрсөтпөй эле “чындыкты айткыла” деген”

10-август, 22:44
605 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“7-8-август күндөрү Кой-Таш окуясына төрт жыл толду. Учурда сот процесси белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Сооронбай Жээнбековдун бийлиги тушунда кылмыш иши бир жактуу тергелип келсе, мындан ары кандай өңүттө уланышы мүмкүн? Мыйзам алкагында адилеттүүлүк орнойбу?..” деген собол таштадык.

Канат Сагынбаев, УКМКнын мурдагы кызматкери:

-- Сооронбай Жээнбековдун тушунда соттук иш бир тараптуу тергелген. Биз башынан эле кылмыш ишин артка кайтарууну талап кылып келгенбиз. Кой-Таш окуясынын башкы күнөөкөрлөрү эркиндикте жүрүшөт. Ошол эле мурдагы УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев жооптуу кызматтарда турушуп, мыйзамсыз буйрукту аткарышып, кол алдындагы кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч жаратышып, тынч жарандарга ок атуу тууралуу буйрук бергендери үчүн жооп бериши керек. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун жоопкерчилиги дагы каралышы шарт. Ошондо гана бул иш калыс, акыйкат каралат. Азыркы калыбы менен соттун өкүмү чыкса, анда “акыйкат чечим болду” деп айтууга таптакыр болбойт. Мыйзам алкагында адилеттүүлүк орнобойт. Себеби, ИИМдин орун басары тергөөгө кураторлук кылган Эркебек Аширходжаев, тергөө башкармалыгынын башчысы Азамат Жумабаев, УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы Самиев, башкы прокуратурада тергөө башкармалыгын жетектеген мурдагы орун басары Дардаңовдун кадры турганда мыйзам алкагында адилеттүүлүк орнобойт. Буларды Кашкар Жунушалиев ким аркылуу коргоп турганын жакшы билебиз...

Темирлан Султанбеков, жаш саясатчы:

-- Азыркы учурда “барымтага” алынган “Альфа” УКМК спецназдардын көбү күбө катары сотто сурак беришти. Баары Атамбаевге жана анын тарапташтарына коюлган айыптарды жана дооматтарды четке кагышты. Атүгүл айрымдары тескерисинче, Атамбаевдин тарапташтары аларды өлүмдөн сактап калганын белгилешти. Бул дагы жакшы көрсөткүч. Демек, УКМК төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич өз кызматкерлерине кысым көрсөтпөй эле “чындыкты айткыла” деген. Бул нерсе мактоого жана барктоого татыйт. Кой-Таш окуясынын дагы бир чоң бөлүгү адилеттүү аяктады: Курсан Асановдун иши аны актоо менен бүтүп, ал киши сотто Кашкар Жунушалиев жана ошол кездеги бийлик Атамбаевди тирүү камагысы келбегендигин толук далилдеп айтып берди. 

Эми негизги Кой-Таш окуяларына себеп болгон “Батукаев иши” дагы болбогон ушак болуп чыкты. Ошондуктан Жогорку сот Атамбаевге карата өкүмдөрдү жокко чыгарып, кайрадан кароого жиберди жана Атамбаевди түрмөдөн бошотту. Негизи мунун баары жакшы жышаан. Ушундай улана берет деген үмүт бар...

Сеид Атамбаев, ЖК депутаты:

-- Эске сала кетсем, ушул күнү Кой-Таш айылынын тургундарын аткылап, сабап, канчалаган апалардын, аталардын көз жашына карабай, жаш балдарды түрмөгө камады эле. Бүгүнкү күнгө чейин сот иштери созулуп, акыйкат чечимди күтүп жүрөбүз. Албетте, биз Сооронбай Жээнбековдун, иниси Асылбек Жээнбековдун кылган кылмыштарын унутпайбыз!

Кой-Таш окуясы боюнча ИИМ тарабынан бир жактуу тергелип, УКМКнын “Альфа” кызматкерлери мыйзамсыз бастырып кирип, элди аткан аракеттери көз көрүнөө бурмаланып, бирок кылмыш ишинде бул боюнча сөз да болгон эмес. Ушундан эле билсе болот, эгер Кой-Таш окуясы боюнча соттук иш ушул темп менен кете берсе, анда Сооронбай Жээнбеков ойлогондой чечим чыгат. Ошол себептүү, бул соттук териштирүүнү кайра тергөөгө жөнөтүш керек. Ошол эле укук коргоо органдарынын жана “Альфа” кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине да баа берилиши зарыл. Ошондо гана калыстык болот. Болбосо Кой-Таш окуясы “жарылбай калган чыйкан сыяктуу” кала берет...

Асел Кодуранова, экс-депутат:

-- Соттук иш 4-сентябрга жылды. Мурун жумасына үч жолу болуп аткан, кийинки учурда бир эле жолу кароого өтүштү. Акыркы мезгилде “жабырлануучу” делген ИИМдин жана УКМКнын, анын ичинде “Альфа” кызматкерлери “биз жабырлануучу эмеспиз” деген таризде баш тартышты. Ошондон улам бизге мүмкүнчүлүк түзүлүп, аларга суроо берип, “арызыңар барбы?” десек, “жок” деп так кесе айтып атышат. Бир беренесинде “Альфа” кызматкерлери мурун “бизди барымтага алышкан” деп келген болсо, азыр алар ачык эле: “Бизди эч ким барымтага алган жок, өзүбүз калганбыз. Ал учурда кырдаал оор болчу. Өмүрүбүздү ойлодук” деп атышат. Негизинен, жабырлануучулар ушундай көрсөтмө берип аткандан кийин соттук ишти кайра тергөөгө жөнөтүү керек. Муну азыркы бийлик деле түшүнүп калды. Эми күтөбүз, сентябрда соттук иш кайрадан жанданса, адилеттүү багытты көздөй бет алып, калыс чечим чыгарына ишене туралы. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер