Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуржигит Кадырбеков, ЖК депутаты: “Малыбыз көп, бирок Катардагы бир эле супермаркетти тейлей албайт экенбиз”

Нуржигит Кадырбеков, ЖК депутаты: “Малыбыз көп, бирок Катардагы бир эле супермаркетти тейлей албайт экенбиз”

20-март, 09:00
12 367 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нуржигит мырза, Кыргызстанда өндүрүлгөн этти чет өлкөлөргө экспорттоо боюнча жакшы маселе көтөрдүңүз. Сиздин оюңузча ага эмне жолтоо болуп жатат?

-- “Биз мал-жандуу элбиз” деп сыймыктанабыз. Бирок, катарлык өнөктөштөр менен сүйлөшүп, “эмне үчүн бизден эт албайсыңар?” деп сурасак, “сиздерден алып келели десек, бир эле супермаркеттин түйүнүн туруктуу тейлей турган мүмкүнчүлүгүңөр жок экен” дешти. Биз даярдаган эт бир-эки жумада эле түгөнүп калат тура. Айыл чарба өсүмдүктөрү деле ошондой. Дыйкандардын бирөө буудай, экинчиси арпа, үчүнчүсү буурчак эккен. Экспортко чыгарганда көлөм жок. Эгер ири чарбалар болуп, ишти туура уюштурсак, көлөмдү, сапатты кепилдесек, маселе башкача болмок. Ушул багытта иштешибиз керек. Катарлыктар этти Жаңы Зеландиядан сатып алат экен. Ал өлкө океандын ары жагында. Биз болсо жакын элебиз да. Ошого карабастан, бизден эмес, Жаңы Зеландиядан алып келишет.

-- Сапатты жакшыртып, көлөмдү көбөйтүүнүн бир гана жолу бар – чарбаларды ирилештирүү керек.

-- Ооба, ирилештирүү жана жаңы технологияларды киргизүү. Мал чарбачылыгы деген жөн эле жем-чөп салып коюу эмес да. Бул кадимки эле илим сыяктуу. Жылдан-жылга үйрөнө турган нерселер абдан көп. Азыр мурдагыга салыштырмалуу кыйла жакшы, малдын тукумун тандап, жакшыртып баккандар көбөйдү. Бирок, баары бир аз болуп атпайбы. Бирөөндө жүз, башкасында эки жүз. Ал эми тигилердин супермаркеттерине күн сайын жүздөгөн койлор талап кылынат. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер