Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Мен чынын айтсам, уктоодон корком. Дем жетпей өлгөн адамдар түшүмө кирет...”

“Мен чынын айтсам, уктоодон корком. Дем жетпей өлгөн адамдар түшүмө кирет...”

15-июль, 20:48
1 618 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Оорукана коридору менен келем. Саатка карасам 10ду көрсөттү. Түнкү онбу, таңкы онбу? Билбейм... Мейли, ал маңыздуу эмес. Үйүмө барбаганыма үч ай болуптур. Мына оорукандан чыкпаганыма, аба өтпөгөн кабат-кабат кийим менен жүргөнүмө үч ай болуптур ошондо. Кыска убакытта канча сыркоо жандар келди, канчасы кетти, түбөлүккө аттанганы канча?..

Карабаңыздар мага, үмүттөнбөңүздөр, менден кеңеш сурабаңыздар! Мен азыр тирүү өлүкмүн... 

Бир нече саат мурда гана караган сыркоонун жана көз жумганын уктум. Дагы бир азамат кетти. Ыйладым, өкүрдүм, ачууландым. Өзүмдү, айланамды, элимди, жетекчиликти жек көрүп турдум. 

Кечээ кечинде дем алалбай бирөө түштү. Акыбалы оор эле. Өзүм реанимацияда иштейм. Бир нече палата бош турду. Шефтер ал палаталарга эч кимди жаткызбайт, туугандарына "резервге" коёт. Шефтин сөккөнүнө карабай бир палатага жанагы оорулууну жаткыздым. Тилекке каршы, ооруган адам таңда көз жумду... Аман алып кала албадым...

Кийин билдим, бул жигит ооруп, биздин эшикти далай кагыптыр. Бирок, "орун жок" деп эшиктен киргизбеппиз. Муну билгенден кийин өмүрдөн ансайын түңүлдүм. Орун жок эмес, бар эле. Бирок жетекчиликтин туугандарынын кесиринен кабыл албадык...

Али 40ка толбогон жигит эле го! Эх!.. Бар өмүрү алдыда эле го. Эшикти кагып жардам сурап келгенде, кайра артка жибербегенде, аман алып калат элек...

Кээ адамдын колуна бийлик тийсе, ачылган араанын тойгузуудан башка эч нерсе ойлобойт. Алар коомго өтө кооптуу адамдар. Жолотпоо керек! Жемкор адам өлгөндө гана тойсо керек, булар ушундай жүрөксүз адамдар!

Мен чынын айтсам, уктоодон корком. Дем жетпей өлгөн көптөгөн ноокастарым түшүмө кирип, менден жооп ала турган сыяктанат. Чын айтам, корком... Нак ташбоорго, ташжүрөккө айланган кесиптештерим... Алардан көрө санитаркалардын жүрөгү бар. 

Оор акыбалда жаткан жандардын туугандары “аман калат” деген үмүт менен шорпо, суусун, тамак алып келишет. Ошол шорпону күлүп отуруп кесиптештерим ичет. Алар үчүн уялам...

Мен мындай чечимге келдим. Азыр тирүү өлүкмүн. Мына апаат аяктагандан кийин мен өмүр сүрбөйм. Бул өмүрдөн кетем! Кудай, мени өзүң кечир!..


(Орусчадан которулду. Фейсбук баракчасынан)

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер