Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Парламенттен Ш.Атазов менен А.Осмонов диндин талаптарын коюшканы коркунучтуу

Парламенттен Ш.Атазов менен А.Осмонов диндин талаптарын коюшканы коркунучтуу

29-апрель, 02:37
1 627 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Шайлообек Атазов сабатсыз дааватчыларды колдоп чыгып, коомчулуктун талкуусунда калган эле. Мыйыгынан жылмайгандар... Анан калса, Шайлообектин логикасы боюнча процентке акча берүүнүн 8 пайызга чейинкиси адал, ашканы арам экен. “Чен-өлчөмсүз” ой жүгүртүү эй! Ооба, ашкере диндешүү жакшы жөрөлгө эмес. Себеби, биз светтик өлкөбүз! Дал ушундай шартта Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Айбек Осмонов жоолукчан кыздарды мектепке киргизбей жатканы боюнча ачууланып, ИИМден сурак алат имиш. Бул эргул асмандан түшкөнбү? Мектепке бирдиктүү форма кийет да, оронуп-чулганып барбайт. Биз мыйзамды качан сыйлайбыз? Же арабдардын кулу болуп, алардын идеологиясын жарнамалай беребизби? Көчөдө жүргөн дааватчылар сүйлөсө эч ким деле көңүл бурбайт эмеспи, бирок эл өкүлдөрү Ш.Атазов менен А.Осмоновдун парламенттин трибунасынан диндин талаптарын коюп, саясатка аралаштырып, ультиматум коюп жатышканы таңгалдырат. Мындайларга күч органдары баа береби?..

Эки эргул Кудайдын буйругу менен депутат болуп калышыптыр. Аң-сезимдери ушунча да артта калганбы?..


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер