Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Үмөталиев: “Эл күч менен басылат же бир күнү атырылып чыгат”

Эмил Үмөталиев: “Эл күч менен басылат же бир күнү атырылып чыгат”

29-июнь, 11:47
958 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Kyrgyz Concept компаниясынын негиздөөчүсү менен маек

-- Мурдагы маектерибиздин биринде сиз белгилегендей эле экономикалык абалыбыз бир топ оорлошуп кетти. Эми мындан ары кандай болот?

-- Терс жакка ооп бара жаткан жагдай улана берет. Өзгөрүүлөр жакшы жакты көздөй күтүлбөйт. Анткени бүгүнкү күндө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кайра чектеп, эски адаттарга көбүрөөк бурулуп турган шарттабыз. “Ким бурулуп турат?” десеңер, бүгүнкү саясаттагы чечим чыгаруучулар көбүнчө эски эле адаттарды колдонуп жатышат. Болгондо да СССР мезгилиндеги чечимдерди кабыл алышууда. Бул көбүнчө бийликке гана таянып, элдин мүмкүнчүлүгүн чектеп, элдин пикир-сунуштарынан коркуп, алардын пикирин кабыл албай, кайра коргонуп, чектелип жатышат. Бул чектелүү саясаты акырындап элдин оокат кылуусундагы мүмкүнчүлүктөрүн кыскартты. Эми эл күч менен басылат же бир күнү атырылып чыгат. Ушундай бир жагдайга түртүлүүдөбүз. Ошон үчүн жакынкы арада бүгүнкү саясый топтордун кабыл алган чечимдери бизге үмүт бербейт. Оорчулуктарга гана даярданыш керек. 

-- Ушундай учурда дымып жата бербей, алдыга умтулган адамдарга кандай кеңештериңиз бар? 

-- Эки кеңеш бар: ар ким, ар бир адам деги эле мамлекеттен бир нерсе күтүүнү токтотуш керек. Бизде көп адамдар мамлекетке сыйынышат. Мамлекеттен күтө беришет. Андай нерсени токтотуп, ар ким өз мүмкүнчүлүктөрүнө ишенип, өз оокаттарын эгемен жасаганга көңүлдөрүн бурушу кажет. Өкмөткө ишенүүсү, алардан үмүттөнүп отуруусу – элдин алдануусу. Ошондуктан өкмөттүн ишин көзөмөлдөгөндү гана үйрөнүш керек. Эгер карапайым калк өкмөттү көзөмөлдөй албаса, бийликти мыкчып алгандарга улам четинен өз оокатын уурдата берет. 

Ошондуктан, келе жаткан шайлоодо дагы уурдаган, жалган сүйлөгөн, жаман иштерди жүргүзгөн адамдарды четке кагып, элге көбүрөөк пайдасы тийген, элге мүмкүнчүлүк бере турган адамдарды таанып-билип добуш берүүсүн суранат элем. Бул – эркиндик, эгемендүүлүк менен бирге оокатын тың сактоодогу ыкма. “Ишкер болом” дегендер да мамлекетке ишенимди токтотушу керек. Ар бир жаран өзүнүн иш аракетине көбүрөөк ишенип, активдүү кадам жасашы шарт. Алдатпай добуш берүү – өсүп-өнүгүүгө чоң өбөлгө. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер