Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Ышты пайда кылган эң башкы нерсе – көмүр”

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Ышты пайда кылган эң башкы нерсе – көмүр”

27-декабрь, 18:48
935 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен мырза, бүгүн Бишкектеги ыш маселеси дале чечилбей жатканы айтылды. Сиздин оюңузча, көйгөйдү кантип чечиш керек?

-- Бир жыл мурда Жогорку Кеңеш, өкмөт тарабынан бир топ жакшы мыйзам, токтомдор кабыл алынган болчу. Бирок, тилекке каршы, ыш дале азайбай жатат. Мунун чоң себеби – жетишсиз газдаштыруу. Албетте, бүгүн “Газпромду” “ар бир үйгө газ киргизип бер” деп кыстай албайбыз, ар түрдүү кыйынчылыктарга карабастан алар өз планы менен иштеп жатышат. Эгер турак үйлөрдү газга өткөрүп алсак, маселе толук жабылат эле. Себеби, ышты пайда кылган эң негизги нерсе – бул тургундардын көмүр жагуусу. Мен кечээ тоого чыгып да карап көрдүм, көмүр жаккан жаңы конуштар менен газдаштырылган райондордун айырмасы кадимкидей байкалып турат. 

-- Негизги көйгөйдү көмүр жаратып жатат дебедиңизби?Анын сапаттуусун тандап алса болобу?

-- Мен өзүм эксперимент иретинде көмүрдүн эки түрүн жагып көргөм. Бирөө аябай түтөп, ыш чыгарган, экинчиси андай болгон жок. Демек, көмүрдү көзөмөлдөп, зыяны жогун гана алып келиш керек. Тилекке каршы, бул иш да тийешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатат. Анан чыпка маселеси. Керек болсо колунда жокторду мамлекет тарабынан чыпка менен камсыздоо маселесин да карап чыгуу зарыл. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер