Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Усубалиевдин артынан арызданган кадрлары кимдер болгон?..

Усубалиевдин артынан арызданган кадрлары кимдер болгон?..

17-июнь, 09:00
593 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Өз шаарымды өзгөчө сүйөм» 

(Турдакун Усубалиев)

Шаарлар адамдар сыяктуу эле ар биринин маңдайына жазылган өз тагдыры, өз аты, эч кимге окшобогон өмүр баяны, кайталангыс жаратылыш шарты, көз карашы жана аны башка жерлер менен чаташтыра албаган ар биринин өзгөчө жаралган касиеттери болот. 

Борборубузга жакын айылда төрөлүп өсүп, шаар мектебинен билим алып, кийин Москвадан окуусун аяктап келген соң, өндүрүш иштеринин көпчүлүгү Фрунзе шаары менен тыгыз байланышта жүргөн, баралына келгенде БКнын секретарлыгына, Кыргыз өкмөтүнүн башчылыгына дайындалып, шаар курулушуна активдүү катышкан Апас Жумагуловдун айтканына кулак түрсөк: “Турдакун Усубалиевичтин шаар боюнча жасаган иш жыйынтыгына өз баасын арнасак, ал кишинин кайраттуу, көрөгөч жетеги болбогондо, ар тараптан негиздүү терең ойлонулган архитектуралык – керемет көрүнүшкө борборубуз эч качан ээ болмок эмес. Классикалык стилде курулган Бишкек шаарындагы филармонияга, Н.Г.Чернышевский жана В.И.Ленин атындагы китепканаларга, цирктин жана драма театрларынын имараттарына, бакыт үйүнө, почтамтпка, Жеңиш жана Ала-Тоо аянттарына, М.В.Фрунзе жана В.И.Ленинге арналган музейлерге, Кыргызстандын Россияга кошулган 100 жылдык жана Улуу Октябрь революциясынын 50 жылдык юбилейине, революциянын каармандарына, Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварына, В.И.Ленинге, М.В.Фрунзеге, К.И.Скрябинге, М.Горькийге, Т.Сатылгановго, Б.Бейшеналиевага, Тоголок Молдого, А.Фетисовго арналган эстеликтерге, филармониянын алдындагы «Манас эпосу» комплексине сыймыктанабыз. 

Чын сөздү туура айтуудан тайманбасак, республиканын жалпы экономикалык жана тарыхый өсүш деңгээли өткөн кылымдын 1960-85-жылдарында өлкөбүздү Турдакун Усубалиев башкарып турган мезгилге таандык. Ал жетекчибиздин жеке демилгеси менен көптөгөн кайталангыс кооз имараттар, курулуштар жана парктар, гүлзарлар биринен сала бири, кийинкиси мурункусунун кайталангыс кооздугун толуктап, убагында сапаттуулугун жоготпой, кыска мөөнөттө бүткөрүлүп турган. Айрыкча шаардын борбордук бөлүгүнүн жасалгасы толугу менен ошол беш жылдык убакта аткарылган. Борборду куруудагы идеология жана архитектурасынын жетекчиси, финансылык ээси жалгыз Турдакун Усубалиевич болгон десек сөзүбүз куп жарашат. Өзүнчө эле жаңыдан бүткөрүлгөн курулуш ансамбли болуп, борбордук бөлүктүн ажайып көрүнүшү маданияттын, искусствонун, архитектуранын, курулуштун, илимдин, агартуунун очогуна айланышы, акыл токтотуп баамдаган адамды толкундатпай койбойт. Султан Ибраимов проспектисинен баштап, батышы Юлиус Фучик атындагы көчөгө, түштүгү Киев, түндүгү Фрунзе атындагы көчөгө чейинки аралыкта парктар, кооздолгон аянтчалар, мамлекеттик мекемелер, илимдер академиясы баштаган илим изилдөө институттары, жогорку окуу жайлары, мейманкана, маданий жана спорттук жайлар, соода түйүндөрү бир миң беш жүз гектар аянтка архитектуралык тактык менен ырааттуу жайланышкан. 

Шаарыбыздын көз жоосун алган кутмандуу Ала-Тоо аянты кийинки мезгилдерде эмне деген гана тарыхый окуяларды башынан өткөргөн жок. Эл аралык жана улуттук улуу даталуу күндөрүбүздө майрамдык, спорттук, аскердик параддар жана жаштардын оюн-зоок көрсөтүүлөрү дамамат жандуу өткөрүлүп турат. Айланасы фонтан, парк жана гүлзарга чулганган улуттук тарыхый музей, президент, өкмөт, парламент отурган Акүйдүн резиденциясы, баардыгы Кыртабылгыдан, Чычкандан чыккан мрамор-граниттер менен жергиликтүү зергерлер каптаган курулуштар өзгөчө көрк берип, шаардын зоболосун асмандатып көтөрөт. Майрам күндөрүндө, же демалыш күндөрү Ала-Тоо аянтын карасаң, бала-бакырасы менен жайма-жай эс алып жүргөн шаардыктарды жана ар тараптан келген меймандарды көрүп, көңүлүң толкуйт. 

Кыргызстан мурдагы маданий-курулуш, илимий-агартуу деңгээли, айыл чарбаөнөр жайы, соода тармактары өнүкпөгөн союздагы арттагы региондордун катарында саналса, Турдакун Усубалиевдин өзгөчө салыштыргыс таланттуу уюштургучтугунан жаралган борбордогу “кол жеткис” долбоорлорду создуктурбай, сапаттуу жана кыска мөөнөттө аяктап турганына таңгалып, суктанбай коюуга мүмкүн эмес дейт Апас Жумагулович. 

Эң башкысыушундай чоң масштабдагы долбоорлорду, эскилерин катарынан буздуруп, жаңыларын шаардын дал ортосуна «ансамбль» кылып жайгаштырууга, КПССтин Борбордук Комитетинин жана СССР өкмөтүнүн алдында ар тараптан негиздеп, коргоп калуу милдети ары жооптуу болгон. Усубалиевдин негиздеп жазган катын окуган адам чарбалык, экономикалык жана архитектуралык максаттардын баардыгын тең кыргыз элин кыргындан сактаган тарыхый тагдырындагы улуу Лениндин долбоордогу комплекс эстелигине гана арналгандай элес калтырат. Долбоорду толугу менен Турдакун Усубалиевичтин көз алдында “Фрунзегорпроект” институту иштеп чыгып, СССРдин «Госгражданстрой» мекемеси жана Кыргыз ССРнин Министрлер Совети кеңири талкуулап бекиткен. В.И.Лениндин эстелиги жана Москвадагы В.И.Ленин музейинин филиалынын имараты КПСС Борбордук Комитетинин жана СССР Министрлер Советинин тийиштүү токтомунун кубаттоосунда тургузулган. Борбордук В.И.Ленин атындагы музейдин филиалынын жана жанындагы В.И.Лениндин заңгыраган эстелигин тургузганына олуттуу баа берген Советтик Кыргызстандын калкы кызуу кубаттоо менен кабыл алышкан. Өзү тургуздуруп, атын атаган Ала-Тоо ажайып аянты калкыбызды идеологиялык, эстетикалык жактан тарбия-таалим берүүгө жана алты жүз миңден ашык калкы бар борбор шаарыбыздын эс алуучу керемет жайына айланды. Борбордук В.И.Ленин музейинин филиалын кыска мөөнөттө эле 400 миңден ашык адамдар көрүп чыгышты жана качан көрсөң музейден элдин аягы үзүлбөй турганына канааттануу менен ырахат аласың. Совет өлкөсүн негиздеген адамга ааламдын миллиондогон жашоочулары бүгүн дагы башын ийип таазими менен эскерип тургандыгы бекеринен эместир. 

Турдакун Усубалиевич жаштайынан калыптанып, баштаган ишинен жаздым кетирбегендей, бу саам да эң башкы идеологиялык-архитектуралык “фронту” – шаардын борбордук бөлүгүн көрктөндүрүүдө дагы караманча жаңылыштык кетирген жок. Иш жыйынтыгында ал борбордук аппараттагы “майда, көз каранды, арттагы улуттар” деген теңсинбөөчүлүктү түп-тамыры менен жана тууганым барда душманым жок дебе дегендей, өзүбүздөн каршылаш болуп чыккан адамдарыбыздын арам ойлорун толугу менен четке какты. Мамлекет башчыларыбыз Леонид Брежневдин жана Алексей Косыгиндин колдоосуна таянып, эл аралык деңгээлдеги заманбап аэропорту, ак мрамордон катарынан тургузулган борбору, көгүлтүр көлүбүздөгү көз жоосун алган резиденция жана санаторийлер, академиябыз баштаган илим-агартуучу институттарыбыз, жогорку деңгээлдеги механикалаштырылган өнүккөн айыл чарбасы жана өнөр жайлары бар, чейрек кылымда экономикалык орточо өсүшү 6-7 пайызды камтыган, жетимиштей өлкөлөргө өндүрүш продукцияларын экспорттогон, Борбор Азиядан чыккан гүлдөгөн “Советтик Кыргызстан” деген республикалык улуу жарнаманы аалам калкына таанытып койду. 

Айрым арам ойдогу өзүбүздөн чыккан саясатчыларыбыз көптөгөн социалдык объектилерди, турак жайларды куруунун ордуна, кымбат баалуу материалдар менен каражаттарды каалагандай чачып, өзүнө түбөлүк эстелик тургузганга аракеттенди десе, айрымдары жок, таптакыр андай эмес. Турдакун Усубалиевдин мекенчилдиги, талыбаган даанышман аракети менен өзүбүздүн республикалык деңгээлибиз көтөрүлүп, сырттан келген меймандарыбызга борборубузду, эл чарбабызды, эс алуучу маданий жайларыбызды, ооруканаларыбызды тартынбай ээрчитип көрсөтүп жатпайбызбы дегендери андан көп. Чейрек кылымдагы Турдакун Усубалиевичтин республиканы жетектөө мезгилинде турак жайларды жана башка керектүү социалдык көптөгөн объектилерди курууда, республикабыз жана союз бекиткен пландардын баардыгы ашыгы менен аткарылып тургандыгын өндүрүштүн күзгүсү болгон статистикабыз далилдеп турбайбы. 

Ар түркүн айтылган ойлорду кандай кабыл аласыз?” десе, Турдакун Усубалиевич: “Мага айтылган сындарга бир беткей жооп берүү кыйын. Канча адам болсо ошончо ой толгоолор жаралат дегендей, менин кайчы пикирдеги адамдарымдын айрымдары көп нерселерге көзү жетпей, түшүнүгү жок болгондуктан, катары менен талды, тамды сүзгүлөп жатышпайбы” деп жооп берген. 

Кыргыз Республикасынын уюшулганынын 60 жылдык юбилейине карата Москвадан жана он беш союздук республикадан делегациялар келишкен. Көпчүлүгү республиканы кыдырып, өнүккөн өнөр жайын жана механикалаштырылган айыл чарбасын, илим-агартуудагы, соода тармактарындагы жетишкендиктерди, Фрунзе шаарынын борборундагы катарынан комплекс болуп курулган жаңы имараттарды таңгала көрүшүп, ыраазы болуп жатышты. Айрымдары теңирден тескери ойлорго кетип, ТажикстанТүркмөнстан Республикаларынын башчылары ичтарлыктарын жашыра албай, эмне үчүн бизге мындай курулуштарды курганга жардам бербедиңер?” деп нааразылыгын ачык айтышып, кайра Москвага арыздарын жазышкан. 

Фрунзе шаарын, облустук, райондук борборлорду, шаарларды, бүтүндөй республиканы толугу менен жаңыдан курдурганы үчүн Турдакун Усубалиевичти ардактоо жана алкоо керек болсо, тескерисинче, анын айыбын жок жерден издеп, жазыксыз күнөөлөгөнгө жанталашып аракеттенишкен адамдарга таңгаласың. Республикада курулуп жаткан маанилүү ГЭСтерди, өнөр жай, айыл чарба, суу сактагычтарды, турак жай, маданий жана башка социалдык объектилердин долбоору, курулуш сапаты жана бүткөрүү мөөнөтү дагы толугу менен Турдакун Усубалиевичтин жеке көзөмөлүндө тургандыктан, куруучулар аны эбактан бери эле Кыргызстандын башкы прорабы, архитектору деп атап алышканы бекеринен эместир. 

Ажайып бүткөрүлгөн зор иштерди тескери баалаган, жалгыз Усубалиевди каралоону максаттаган горбачевдук текшерүүчүлөр уят-сыйыттан, адамгерчилик касиеттен аттап өтүп, кандай болбосун андан кылмыш иштерин таап, аны жоопко тартуучу материалдарды жабыла издеп аракеттеништи. Москва бекиткен долбоорлорго ылайык, борбордон бөлүнгөн каражаттарды республикалык токтомдун негизинде, ага өзүбүздөн тапкан каражаттарыбызды кошо колдонуп, сапаттуу курулуштар жүргүзүлүп жатса, кайталап үстүнөн текшергендери ишке олуттуу жолтоо болгон

Турдакун Усубалиевичтин жанжолдошу болуп жүргөн айрым өзүбүздөн чыккан аты-жөнү жок “тубаса анонимщиктерибиз” бөлүнгөн каражаттарды туура жакка пайдаланбай, кымбат баадагы материалдарды колдонуп, курулуштун баасын асмандатып салышты деген каттарды кайталап уюштурушту. Чоң борбордон келгендер республикадагы баа жеткис көптөгөн көлөмдөгү көркөм имараттарды курууда эч кандай финансылык-архитектуралык тартиптин бузулбаганын, уурдоонун, кызмат абалынан кыянат пайдалануунун жыты жоктугуна ишенип-ишенбей текшерүүчүлөр өздөрү таңгалып жүрүштү. Экинчи жагынан, алар жалпы союздун тарыхында башка бир дагы республикаларда мындай деңгээлдеги катарынан салынган борбордогу миң жылдык курулуштардын жоктугун айтып, көңүлүбүздү көтөрүштү. Айрымдары республиканын өнүккөн экономикасына, баардык курулган объектилерди ийне-жибине чейин жеткире айтып, сайрап турган Турдакун Усубалиевичтин энциклопедиялык эстутумуна ыраазы болуп, кайра аны урматтап, талаша жактап жатышты. 

Шаарыбызды куруудагы жергиликтүү мрамор жана гранит асыл таштарын пайдалануубуз эң сонун архитектуралык жана экономикалык көрсөткүчтөрдү жаратты. Кеч болсо дагы өзүбүздөн чыккан жалданган арсыз арызчыларыбызга жооп берсек, “кырк жылдан бери Акүй, аэропорттун, филармония, тарых музейининкитепкананын, бакыт үйүнүн, почтампттын, турак жай үйлөрдүн жана башка тургузулган имараттардын ичи-тышы мрамордолгон боюнча бир дагы жолу ремонттолбой, көз жоосун алган архитектурасы салынган боюнча мурдагысындай заңкайып, аппак болуп алыстан көрүнүп турбайбы! 

Дагы бир олуттуу фактыга токтолсок, асыл таштарды имараттарга колдонуунун архитектуралык, эконономикалык зор артыкчылыгын жалпы союз боюнча жана өнүккөн Европа мамлекеттери жогору баалашты. Союздун тарыхында фундаменталдык кайталангыс ишти алгачкы уюштурган адамды иштен негизсиз куугунтуктагандан кийин республикада мрамор, гранит жана кооздочу таштарды өндүрүү өнөр жайы эч кимге керексиз болуп, кан буугандай токтоду. Кийинки жетекчилерибиз мурдагы биринчинин иши” деп калыпка түшкөн союздун тарыхындагы жалгыз кудуреттүү мекемени иштетпей жаап салып, жабдууларын сатып-тонотуп жок кылышканы, Кыргыз Республикасынын шайланган жетекчилеринин акыл-эс деңгээлин, кайдыгерлигин, алардын бийлик башына жалаң мекенин талкалоого келгендигин, өздөрүнүн өлкөсүн жетектеген доорундагы экономика-финансылык деңгээли чагылдырып турбайбы. 

Өз өлкөсүнө, өз урпактарынын миң жылдык келечегине дүйнөлүк алдыңкы өнүгүүнү самабаган, ааламда кыргызга кыргыздан ашкан душмандын жоктугун иш жүзүндө далилдеген, мурдагы республикалык жетекчилердин колу коюлган арыздары 1990-жылдын 2-ноябрындагы «Советская Киргизия» гезитине «Самовосхваление» деген чуулгандуу ат менен чагылдырылат. «Советская Киргизия» жана «Фрунзе шамы» гезиттерине Турдакун Усубалиевдин эскерүү катары жазылган «Н.С.Хрущев Кыргызстанда», «Чаткал өрөөнү кантип сакталып калган?», «Соң-Көл – кыргыз бермети» деген макалаларына айрым жогорку деңгээлдеги интеллегенттерибиз кайчы пикирлерин жазып чыгышты. Сындагандар макалада эч кандай деле жарытылуу жаңылык жазылбай, болгону мурдагы саясый жетекчи кызматкер өзүн актоо, мактоо иретинде Кыргызстан элинин жалгыз фантастик куруучусунун образын кайталап жараткысы келген. “Чаткал өрөөнү кантип сакталып калган?” деген макалада Усубалиев 32 жолу “мен”, “менин”, “мага” деген терминдерди кайталап колдоно берген” дешкен

Турдакун Усубалиевич жазган китебинде көрсөткөндөй, Кыргызстан КП БКнын имараты 15 миллион рублге бүтүп, мунун ичинен КПСС БКнын иш башкармалыгы 6,1 миллион рублди партиялык бюджеттен, СССР Министрлер Совети өз чөнтөгүнөн 5,3 миллион рубль бөлүштүргөн, калган 3,6 миллион жетпеген каражатты республиканын Министрлер Советинин резервдик фондусунан пайдаланууга Москва көрсөтмө берген. 

Арызчылар жазгандай, сметасын КПСС БКнын алдындагы иш башкаруучу бөлүмү бекиткен дегени менен буга В.И.Ленин атындагы музейдин филиалынын имаратын, Ала-Тоо аянтындагы үч кабат административдик органдардын корпусун, министрликтердин, Ленин проспектисиндеги 96 квартиралуу үйдү талкалаганын жашырып киргизбейт. “Н.С.Хрущев Кыргызстанда” деген макаласында жалгыз Усубалиевдин “кайнаган” саясый ишмердигин Хрущёвго даңазалангысы келип, өз милдетиндеги социал-экономикалык тапшырмаларды аткарууда өзүнөн башка республикадагы партиялык жана советтик органдардын, жалпы калайык калктын эмгегин эске алгысы келбей, өзүн асмандата көтөрүп даңазалай берген деп жазышкан. 

Жазылган даяр макалага кол коюшуп, ачыкка чыккан нааразы адамдар менен кыскача тааныштыра кетсек, республикага аттын кашкасындай таанымал, элине эбегейсиз эмгектери сиңген, кечээ эле көптөгөн жылдары Турдакун Усубалиев менен колмо кол иштешип, анын тарбия-таалимин алышкан, айткан тапшырмасын токтоосуз чуркап аткарышып, таянган ишеничтүү кадрлары болгондугуна кантип таңгалып, кантип ыза болбой коёсуң? Алар: А.Сүйүмбаев – КР Министрлер Советинин председателиМ.Умуралиев – айыл чарба министриК.Каракеев – илимдер академиясыны президентиС.Табышалиев – Кыргыз мамлекеттик университетинин ректоруК.Ташиев – соода министриС.Самсалиев – коргоо министри, генерал лейтенантШ.Усубалиев – Кыргыз мамкинонун председатели.  

Арызчылар чогулушуп, макаланы гезиттерге чыгарып жатышканда баардыгы тең пенсия курагындагы белгилүү кадырман адамдардан болушкан. Аларды москвалык төбөлдөр жана республиканын жаңы бийликтегилери коркутуп, мурдатан даярдаган далилсиз макалага кол койдура алмак эмес. Айрым саткын горбачевчуларга кайрадан Кыргызстан БК мүчөсүнө шайланганга жана балдарын ишке орноштурууга, жакындарына квартира алуу сыяктуу “бизнестин” жолдорун табышып, соодалашууга өтүшкөн. Алардын эң башкы мүдөөсү: өздөрү пенсияга чыгышып, өз курагындагы адамдын дагы эле тактан тайыбай, мурдагысынан дагы таскагы катуулап, алгалап иштеп турушун тайкы көрпенде адамдар катары кечире алышпаган... 

Пенсия курагындагы, эч жерде иштебеген Умуралиев менен Каракеев “горбачевчуларга” сиңирген “адал эмгектери” үчүн 1986-жылдын январь айында өткөн республикалык партиянын 18-съездинде Кыргызстан Компартиясынын БКнын мүчөлүгүнө шайланышкан. Кийин Турдакун Усубалиевич «Эпоха. Созидание Судьбы». Бишкек, 1995-жылы жазган чыгармасында кол койгон арызчылардын жетөөнө тең, алардын ким аркылуу кызматка көтөрүлгөнүнө жана кандай иштегендерине, эмне үчүн кызматтан түшүп калгандарына, өздөрү жазган китептеринде бийликтеги Усубалиевди кандай урматтап, кандай даңазалагандыгы тууралуу өздөрүнүн келтирген фактылары менен кайрадан ар биринине толук «энчисин» бөлүштүрүп далилдеп кеткен. Дегеле, жалган жалаа жаап, арсыз күнөөлөгөн оппоненттерине Усубалиевдин архивдик жана расмий далилдүү документтер менен бирөөсүн дагы “таарынтпай” жоопсуз калтырбаганына кантип таңгалбай коёсуң? 

Турдакун Усубалиев Кыргыз мамлекетинин гана эмес, жалпы союздук, партиялык улуу ишмер дегенге негиз бар. Ал 1943-жылы Москвадагы партиялык мектептен эки жылдык билим алгандан кийин КПССтин Борбордук Комитетинде он жыл иштеп тажрыйба чогулткан, маданиятын, билим деңгээлин көтөргөн. Бул саясый такшалуусу Кыргызстанга келип, редактор, Борбордук Комитеттин бөлүм башчысы, Фрунзе шаарынын биринчи катчысы, республиканы башкарган мезгилде өз үзүрүн берип, Кыргызстан арттагы агрардык республикадан өнүккөн агрардык-индустриялык, маданияттуу өлкөгө айланган. Ал жетектеген чейрек кылымда орточо жылдык өсүш 6-7 пайызды түзүп, илим-агартуунун, искусствонун, адабияттын, архитектуранын, спорттун, кино жанрынын өнүккөн тарыхыбыздагы “алтын доор” аталган мезгили болгон. 1961-1986-жылдары беш жолу СССР Жогорку Советинин депутаттыгына шайланып, КПССтин съезддеринде, пленумдарында, партиялык активдерде союздук деңгээлдеги олуттуу маселелерди көтөрүп, чыныгы мамлекеттик таасын жетекчи экендигин далилдей алган. 

Совет өлкөсүнүн Компартиясынын жетишкендиктерин жана келечекте жасалчу милдеттерин даңазалаган бир нече саясый китептердин автору болгон. Айрыкча Кыргызстан Россия менен түбөлүк бирге болуусун самаган көптөгөн чыгармаларды жараткандыгы факт. Башка республикаларга үлгү катарында Россиянын Ярославль облусундагы саздуу жерди кургатып, бүгүнкү күнгө чейин федерациядагы эң алдыңкы чарба аталган “Кыргызстан” совхозу мунун далили боло алат. 

КР Эл Баатыры, скульптор Тургунбай Садыков Турдакун Усубалиевичтин СССР сүрөтчүлөр союзунда, СССР көркөм сүрөт академиясында кадыр-баркы өтө чоң эле” дейт. Ошого байланыштуу бизге СССРдин көркөм сүрөт академиясынын президенти Н.А.Пономарев, эл аралык деңгээлдеги белгилүү улуу хүдожниктер М.К.Аникушин, Е.Ф.Белашова, В.М.Цыгаль, Ю.Орехов, Ю.Чернов, А.П.Кибальников 1978-жылы «Революциянын жоокерлери» (башкы архитектору Г.Куталадзе) монументалдык комплекстин ачылышына Кыргызстанга келип, республиканын коомчулугу менен жылуу пикирлешкен. 1980-жылы СССР көркөм сүрөт академиясынын, СССР сүрөтчүлөр союзунун колдоосу, Турдакун Усубалиевдин адатынча тынымсыз ар тараптан акылман аракети менен «Революциянын жоокерлери» деген эстелик үчүн Тургунбай Садыковго Лениндик сыйлык ыйгарылат. Бул ардактуу сыйлык – Ч.Айтматов татыктуу болгондон он жети жылдан кийин чакан кыргыз калкына кайталанган экинчи дөөлөттүү салтанаты болгон. Кыргызстандын өнүккөн илимий-өндүрүшүнө, искусствосуна, көркөм өнөрүнө, адабиятына, кино тармагына сереп салып, союзда жок ак мрамор, гранит жана башка кымбат баалуу таштар менен кооздолгон, ар биринин архитектурасы кайталангыс, удаалаш тургузулган ажайып курулуштарыбызды көргөн улуу корифейлер Турдакун Усубалиевичти «отец нации» деп аташканы бекеринен эместир дейсиң. 

Кудай көрүп турат, - дейт Усубалиев жазгандарында, – Мени көптөгөн жылдардан бери күнөөлөгөндөй Акүйдү, филармонияны, Ленин атындагы музейди жана китепкананы, почтамптты, санаторийлерди, аэропортту жана башкаларды курганда “өзүм билемдик” деген түшүнүк таптакыр болгон эмес. Мынакей, биз курган курулуштар канчалаган жылдарга чейин шаардагы эң кооз имараттардын бири болуп саналарын болжолдоп айта албайм, бирок алардын бекемдигине жана пайдаланууга эң ылайыктуулугуна кепилдик бере алам. Мен бир адамдын жашоо мезгилинде эле пайдаланууга жарабай, керектен чыккан имараттарды тургузууну самаган эмесмин. Кебибиз жеткиликтүү болуш үчүн алгачкы салынган Кыргыз автономиялуу облусубуздун эки кабат кеңселери, алардан кийин СССР илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалы жайгашкан, кийинчерээк тарых музейинин корпусу аталган имаратты ондогон жылдардан бери архитекторлорубуз, инженер куруучуларыбыз «тарыхый эстелик» катары курулушту бекемдетип, сактап калуунун айласын таппай жатышпайбы? Анткени курулуш сапатсыз, арзан, бекемдүүлүгү төмөн материалдардан эптеп чогултулган

Чүй өрөөнүндөгү айыл чарба жерлерин, жер асты-үстүндөгү суунун көлөмүн, шамалдын багытын жана башка көптөгөн потенциалдык керектелүүчү жаратылыш мүмкүнчүлүктөрүн таразалай билген Турдакун Усубалиевич келечекте Токмок, Кара-Балта куштун эки канатындай ар биринде миллион жашоочудан жогору, борборубузга спутник шаарлардын өсүп жетилерин, ортолорун байланыштырган автомобилден тышкары электричка, троллейбус жана метро каттамдары жүргүзүлөрүн, аларды тейлөөгө Фрунзе шаарында метро станциясы куруларын, кара жолдун асты-үстүндөгү айылдардын жашоочулары көп кабаттуу тамдарга көчүрүлөрүн, жергебиздеги даяр турган кооздочу асыл таштарды жүздөгөң жылдары пайдаланып, республика мрамор, гранит чулганган жаңы курулуш багытына өтөрүн айта келгенде толкунданып кеп кылчу эле дешет замандаштары. 

Чүй өрөөнүнүн түндүк-түштүк тарабындагы кыргыз-казак тоолорунун башы биригип туңгуюкталып ТЭЦтен, өнөр жайдан, иштеген техникалардан, котельныйлардан чыккан түтүндөрдүн чогулуп, башка жакка тарабай, өзүбүздө жыл сайын топтолгон далилдүү эсеп-чоту болгон. 

Өзүбүз сарптаган каражаттарыбыз менен жаралган көмүр кычкыл газдын “чабуулуна” каршы түтүн чыгаруучу мекемелерди четинен жаап, ордуна тездик менен курулуп жаткан Камбарта ГЭСинин өндүргөн электроэнергиясын жана ага кошумча катары күн нурунан жаралган жылуулук энергиясын пайдаланууга долбоорлор даярдала баштаган. Муну уккан москвалык төбөлдөрдүн баштаган иштерибизди колдоонун ордуна каршылык көрсөтүп жаткандарына убагында таңгала, түшүнө албай жүрүшкөн. Көрсө, биз урматтаган Кремлдик партиялык кызматкерлердин айрымдары кайчы тараптагы “элдешкис” саясатты “эңсеп” тургандары республикалык жетекчилерге кийинчерээк белгилүү болгон. 

Суу башында туруп, өзүбүз суу ээси боло албаганыбызга, аймагыбызда курулган Токтогул, Кемпирбад, Киров, Ортоокой, Папан сыяктуу суу сактагычтарына жүз миңдеген гектар асыл жерлерибизди жоготуп, алардын жетиден бирин гана пайдаланып, калганы итбекер коңшуларыбызга кетип жатканына Турдакун Усубалиевич өмүрү өткүчө эч макул болгон эмес дейт көп жылдары республиканын суу чарбасын жетектеп, эл чарбасынын корифейи аталган Асан Кожомкулов. 

Турдакун Усубалиевич дүйнөлүк илимий практикага таянып, суу алган өлкөлөр суу бергендерине акы төлөө ырастыгын коңшу өлкөлөрдүн президенттерин расмий макулдатса дагы, отуз жылдан тарта даярдап койгон дообузду өндүргөнгө жарабаган аткаруу бийлигибиздин жоопкерсиздигин кантип түшүндүрө аласың?  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер