Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калдарбек Абдраманов: “28 жыл ичинде мамлекет бир да оорукана кура албады»

Калдарбек Абдраманов: “28 жыл ичинде мамлекет бир да оорукана кура албады»

26-март, 00:34
9 502 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Коронавирус дартына каршы күрөшүүдө биздин өлкөнүн, медицинанын дарамети тууралуу кандай пикирдесиз?

-- Жалпы медицинанын деңгээли кандай болсо, өкмөттүн дарамети, даярдык да ошондой. Коронавирус менен күрөшүүдө үч чоң фактор өтө маанилүү. 

Биринчиси – бул биз айтып жаткан жалпы медицинанын өсүү деңгээли. Баарыбыз билгендей, 28 жылдан бери реформалардан дайын жок, өзүбүздүн каражатка бир чоң оорукана кура албадык. Ошондой шартта кантип инфекциялар менен күрөшүү жаатында акыбал жакшы болсун? Жетиштүү инфекциялык ооруларга керек жатак орундары, адистер, атайын бөлүмдөр такыр жаңыланган жок, тескерисинче, азайып, реформа талабы катары кыскартылды. Ошондуктан, ар бир тармакты көтөрүү үчүн жалпы медицинанын деңгээлин көтөрүү шарт. Демек, кагаз жүзүндөгү эмес, реалдуу реформа зарыл. Андай долбоор, план менде бар, бирок өкмөткө жеткире албай жүрөм. 

Экинчи фактор – бул мамлекеттин кудурети. Экономикалык, саясый жана башка багытта. Кубаттуу мамлекеттер менен алака, илимдин өнүгүүсү, маданият, күч органдардын иши, мамлекеттик институттардын иштөө деңгээли д.у.с. Бул жагынан да биз азырынча өзгөчөлөнө албайбыз. Карыз чачтан көп, ишеничтүү карыз берчү өнөктөш мамлекет жок. Армия алсыз. Тартип жок, сот органдары көз каранды, милицияга элдин ишеними төмөн. Атайын мамлекеттик кызматтар өз ишин так аткара албай калышты. Мисалы, коронавирус тарап, карантин болгон өлкөгө эч кандай коркпой-үркпөй эле миңдеген адамдарды жөнөтүп жиберүү бул жөнөкөй эле шалаакылык эмес. Өлкө өтө саясатташкан, коом эки-үч катмарга бөлүндү. Биримдик жок. Демократия эмес, дермократия аралын куруп алдык. Андай шартта өзгөчө кырдаал жарыяламак тургай, согуш жүрүп атат десең да тартип орнотуу кыйын. Азыр сыртта ошол көрүнүш: “карантин, өзгөчө кырдаал, инфекциядан адамдар кырылып жатат десең да, элди тартипке чакыруу өтө кыйын болуп турат.

Үчүнчү фактор – бул адамдардын жеке аң-сезими, коомдук аң-сезим, менталитет. Бул жагынан да биздин эл өзүнүн бир топ артта калганын көрсөттү. Бир эле көчөгө чыкпагыла, ден соолугуңарга кооптуу десең да, Жаратканга ишенип, башын сайып коюшат. Ошондуктан коронавируска каршы иш биз каалагандай жүрбөйт. Биздин өлкө, тийиштүү тармактар көрүп-билип туруп эле анын таралышына, өлкөгө киришине тоскоол боло албадык, токтото албай жатабыз. Эртең эмне болоруна көзүбүз жетпейт, прогноз жок. Демек, кандай иш жасайбыз? Кантип аны токтотобуз? Эмнеге даяр болушубуз керек?” деген пландар барбы? Билбейм. Айтор, даярдык эки ай мурун кандай болсо, азыр деле ошондой. Көп нерселерди окуя болгондон кийин билип, иш аракет жасап жатабыз. Бул өтө өкүнүчтүү.

-- Мындан ары кандай аракет керек?

-- Мен врач катары медицинанын акыбалын, коронавируска каршы дараметибизди көрүп, сезип турам, баарын айта бергенден азыр пайда жок. Болор иш болду, боёсу канды. Азыр эми жоготуу аз болушу үчүн болгон аракетибизди жумшашыбыз керек.


Жамиля Нурманбетова 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер