Акыркы кабарлар
» Саясат » Сеидбек Атамбаев, ЖК депутаты: “Элдин үнүн укпаган бийлик көпкө узабай калат”
Сеидбек Атамбаев, ЖК депутаты: “Элдин үнүн укпаган бийлик көпкө узабай калат”
19-декабрь, 20:58


-- Сеидбек Алмазбекович, салыктын күчү менен өнүгүүгө оюңуз кандай?
-- Өлкөнү салык эмес, өндүрүш гана өнүктүрөт. “Салык эле чогултуш керек” деген ой менен иш кылбай, элдин пикирин угуш керек. Тагыраагы, коомчулук менен да эсептешүүнү ойлойлу. Болбосо, элдин үнүн укпаган бийлик көпкө узабай калат.
-- Президент Дордойдогу соодагерлерге жолуккандан кийин 6 ай патент менен иштөөгө уруксат берилди. Өкмөт ККМди элге түшүндүрө албаганы үчүн базарларда нааразычылыктар күч алдыбы?
-- Ишкерлер “салык төлөбөйбүз” деген жок, алар бул системаны ыраатка салууну, бирдиктүү төлөмдү бекитип берүүнү өтүнүштү. Президент менен жолукканда патентти калтырууну суранышып, убактылуу болсо да жеңил иштөө укуктарына ээ болушту.
"Азия Ньюс" гезити











