Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кош бойлуу болгондо жигитим таштап кетти, ымыркайымды 30 миң сомго саттым...

Кош бойлуу болгондо жигитим таштап кетти, ымыркайымды 30 миң сомго саттым...

02-сентябрь, 12:07
1 072 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Эссе ордуна)

Менин атым Наргиза. 2017-жылы мектепти аяктап, эл катары шаарга окууга тапшырдым. Үйдө эң кичүү болгондуктан ата-энем менин оюм менен болуп, аябай эрке өскөм. Ошентип жогорку окуу жайлардын биринде окуп калдым. Тынымсыз өтүп жаткан студенттик күндөрдүн биринде күндөгүдөй эле сабак бүтүп, үйгө бара жатып, окуу жайдын алдында топтошуп турган балдардын арасында мага тигиле карап турган жигитти көрдүм. Мен дагы бир саамга тиктеп калдым, өзүмө келе калып, уялып кеттим. Жолдо баратып, жанагы жигит мени дага деле тиктеп тургандай туюлду.

Ошентип күндөр өтө берди. Бир күнү жолдо келатсам, «кандайсыз?» деп бирөө учурашканынан артымды жалт карадым, бир чети сүйүнсөм, бир чети дагы уялып кеттим. Баягы мени тиктеп турган жигит экен.

-- Сиз менен таанышууга болобу- деп сылык сүйлөдү, -- менин атым Бексултан. 

Ошентип таанышып калдык. Күндөрдүн өтүшү, убакыттын учушу менен достугубуз сүйүүгө айланып, кыз-жигит болуп калдык. Ансыз жашоомду элестетүү кыйын эле. Сүйүү күнү – 14-февралда курбум экөөбүз Бексултанга белек тандап жүргөн элек. Аңгыча телефон шыңгырады. Ала койсом Бексултан экен.

-- Алло, Наргиза, кечки сегизде кафеден жолугалы- деди. 

Кафеден жолугуп, тандап жүрүп алган белегим – кымбат галстукту бердим. Ал мага алтын чынжыр берди. Өмүрүмдө мындай белек алып көрбөгөн жаным аябай кубанып, Бексултанга болгон сүйүүмдүн оту дагы жалындай түштү. Убакыт бир заматта өтүп, түнкү саат 12 болду. Кетээр убакыт болуп, Бексултан «меникине эле калып кал, үйдө экөөбүзгө арнап стол даярдап койдум» деди. “Жок” дей албай, макул болдум. Анан анын үйүндө отурдук. Бексултан акырын туруп барып светти өчүрүп, шам күйгүзүп, жай ойногон музыканы койду. Ал күнү менден өткөн бактылуу адам жок эле. Шампан ичип отурдук. Мени карап, «жаным, мунун баары сен үчүн, мен сага тийген биринчи жана акыркы эркегиң болоюн. Мен сени сүйөм, эч качан таштабайм» деди. Анын сунушуна макул болдум. Ошол күндөн тартып чогуу боло баштадык. Бош боло калсам эле Бексултанга шашам. 

Күндөрдүн биринде кош бойлуу экенимди билдим. Түз эле Бексултанга барып айттым, анын түрү өзгөрүп, “кайдан? Кандайча? Ким билет менден экенин, экинчи бул жерге келчү болбо!” деп үйүнөн кууп чыкты. Не кыларымды билбей жатаканага бардым.

Көпкө чейин башым маң болуп, сабактарга да барбай жүрдүм. Эң жакын курбум Айжан экөөбүз калганда болгон окуяны ага айтып бердим. “Айылга барбайм, ата-энем, эл укса эмне дейт? Андан көрө өлгөнүм жакшы” деп ыйладым. Айжан мага эжесинин 13 жылдан бери балалуу боло албай жүргөнүн айтып, ошого төрөп берүүмдү суранды. Мен аны туура көрдүм. Ошентип ай-күнүм толуп, кыз төрөдүм. Кызымды Айжандын эжесине 30 миң сомго сатып, таштап баса бердим. Андан бери үч жыл өттү. Барып кызымды көргүм келет. Баламды кантип аларымды билбейм. Сагынам, куса болом... Кантип барам, кайра кантип алам?..

Наргиза

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер