Бабанов менен Казакбаевдин максаттары – бийликке келүүбү?


Октябрь төңкөрүшүнөн кийин Руслан Казакбаев тышкы иштер министрлигин жетектеп, жаңы бийликтин бутуна турушуна, сырткы саясатты чыңдоого кыйла салым кошкон. Мындайча айтканда, бийликке бел болгон эле. Анын бир кемчилиги – досу Өмүрбек Бабановдон ажырай албай, ага айрым сырларды айтып койгону, ушул жагынан шек жаратканы кооптондуруп келгенби? Акырында Руслан мырза Түркияга элчиликке жөнөтүлгөн. Оор шарттагы эмгеги бааланып, талаада калган жок. Бир чети Бабановдон алыстатуу ишарасы көрүлдү окшойт. Бирок, кызыгың түшкүрдүкү десе, киндиктеш сыңарындай, Казакбаев менен Бабанов баары бир мамилесин үзбөй, ушу кезге чейин ачык да, жашыруун дагы сүйлөшүп келишерин айтышты. Максаттары купуя сырбы? Эгиз сыңарындай достор бийликке жетүүнү самашабы? Азырынча андайга Камчыбек Ташиев жол бербесе керек. УКМК деген “укуругу”, катуу рычагы бар да...
"Азия Ньюс" гезити











