Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улам келген бийликке жол тапкан Жапар Ормоновдун жагалданган жүрүшү

Улам келген бийликке жол тапкан Жапар Ормоновдун жагалданган жүрүшү

06-сентябрь, 19:30
382 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чолпон-Ата шаарынын мэрлигинен Ысык-Көл районунун акимине Жапарбек Ормонов секирик жасады. Артыңда таасирдүү адамдарың болсо, карьера кыла берет экенсиң да. Өзгөчө биздин өлкөдө. Бул эргул Чолпон-Атада гүл өстүргөндөн башка жарытылуу иш жасай алган жок. Деңгээлин катебиз? Төмөн да...

Бир кезде Жапарбек Ормонов ОшМУда завхоз катары иштеп, чоңдорго кошомат кылуу менен шаардык кеңешке депутат болгон. Бара-бара Ош шаардык кеңешинин төрагалыгына чейин жеткен. Икрам Илмияновго жол таап, КСДПнын штабын башкарып, Алмазбек Атамбаевдин бийлигине кулдук урганы бар. Өйдө жакка талпына берип, агездеги мэр Айтмамат Кадырбаевден таяк жегени айтылган. Кийин Сокенин мезгилинде “Мекеним Кыргызстан” партиясы аркылуу Жогорку Кеңешке талапкерлигин коюп, Октябрь төңкөрүшүндө жели чыккан эле. Бийлик алмашкан соң элден тепки жеп, оозу-мурду канжалап, зорго тирүү калганын кайда жашырат? Эми болсо Арзыбек Буркановдун артынан улам кресло алмаштырып, “күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин” дегендей жыргал жашоо кечирүүдө. Байып, ирденип алганын жакындары эле сөз кылышууда. Шиши толо берсин, “жарыла” турган учур деле алыс эмес болсо керек... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер