Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бурул ЖУСУРОВА: “Бишкек мэриясы ыш-түтүнгө кайдыгер кароодо”

Бурул ЖУСУРОВА: “Бишкек мэриясы ыш-түтүнгө кайдыгер кароодо”

17-январь, 15:31
878 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаардык эпидемиологиялык борбордун дарыгери Бурул Жусурова айым менен учурда ордо калаабызды ыш-түтүн капатап тургандыгы боюнча  кеп курдук. Көк түтүндү азайтууда өз сунуштарын айтып өттү.

-- Бурул айым, жылдан жылга Бишкектин тазалыгы начарлап, анын ичинде кыш мезгилдери түтүн каптап атат. Бул боюнча сиздер гана коңгуроо кагып, көйгөй жараткан маселени көтөрүп келесиздер. Ушул көк түтүн, ыш кайдан пайда болуп атат?

-- Бишкек шаарын каптаган көк түтүн, ыш биринчиден, ордо калаабыздын тегерек четинде жайгашкан жаңы конуштардан чыккан түтүндөр. Машиненин эски дөңгөлөктөрүн, желим идиш, баштыктар жана жеңил өнөр жайдагы тигүү цехтерден чыккан синтетикалык кездемелердин калдыктарын отко жаккандан пайда болууда. Менчик мончолорго да ушуларды жагышат. Албетте, жаңы конуштарга эле баарын шылтоологондон алыспыз. Жайы-кышы дебей шаарыбыздын таштанды полигону түтөп турат. Ошол эле учурда жеңил машинелер абдан көбөйүп кетти. Баардыгы эле тийешелүү көзөмөлдөн өтүшпөйт. Андан кийин ЖЭБден чыккан түтүн да көйгөй жаратууда. Кандай сапаттагы көмүрлөр жагылып жатканын баарыбыз биле бербейбиз. Кийинки учурда шаардын тоо тараптагы көп кабаттуу үйлөрдүн ыраатсыз курулушу аба алмашуу, шамалдап турушуна тоскооолдук жаратууда. Муну көзөмөлгө алган жан жок. Бишкек мэриясы болсо көздү жумуп, көрүнгөн акчалуу курулуш компаниялар менен “соодалашып”, жер тилкелерин берип коюуда. Алдын ала талазануу боюнча аракеттер жок, кайдыгерлик болуп атат... 

-- Түтүндөн чыккан уулуу заттар жылдан-жылга көбөйүп аткансыйт. Бул адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизери бышык...

-- Гидрометеорология боюнча агенттиги (Кыргызгидромет) ай сайын тышкы  атмосфералык абанын абалынын берген маалыматтын негизинде, кийинки беш  жылда (2015-2019) атмосфералык абадагы зыяндуу заттардын көрсөткүчтөрүнүн анализи: диоксид азот 1,6 эсеге; оксид азот 1,7 эсеге; формальдегид 0,5 эсеге көтөрүлгөн. Бул зыяндуу заттар адамдардын ден соолугуна түздөн-түз чоң таасирин тийгизүүдө. Өпкө, жүрөк ооруларына (бронхиалдык астма, эмфизема, пневмония, аллергиялык ринит, жүрөк жана кан тамырлар ооруларына) жаш наристелер жана улгайган жарандарыбыз ушул жогоруда аталган оорулар менен оорушса, ошолордун козголушуна түздөн-түз себеп болуп атканы жанды кейитет. 

-- Түтүндү, ышты азайтуу боюнча сунушуңуз барбы?

-- Бул көйгөйдү чечүү үчүн массалык маалымат каражаттар аркылуу Бишкек шаарынын атмосфералык абада көк түтүндүн пайда болушу жана алдын алуу себептери тууралуу маалыматтарды кеңири жайылтуу иш-чараларды тынымсыз жүргүзүп туруу ар бир шаар тургундарынын колунда. Ал эми жеке сунуштарымды айта кетсем:

1. Эң манилүү маселе – таштандыларды кайра иштетүү заводунун курулушу. 

2. Эскилиги жеткен автоунааларды айдоого тыюу салынышы жана газ, электрдик жабдууларга өтүшү абзел.

3. Полиэтилен чыгарган кичи ишканалардын жабдууларын өзгөртүп, кагазга  өтүшү, талап катуу коюлушу шарт.

4. Шаардын ичиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн курулуп жаткандыгы көйгөйлүү маселени жаратууда жана абанын айланышына түздөн-түз тоскоолдук болууда.

5. Жашылдандыруу иш-чараларын күчөтүү керек.

6. Жаңы конуштардагы үйлөр газ жана электрдик жылытууга өткөрүлүшү туралуу маселесин кароо. 

Бул сунуштарымды өлкө президентине, Жогорку Кеңешке, өкмөткө кулак кагыш катары жолдоп отурам. Биз келечек муун жөнүндө кам көрүшүбүз керек. Аларга ыш-түтүндү калтырбай, Ала-Тоонун атыр жыттуу салкын абасын калтыралы.   


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ 

 "Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер