Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Германияга даават кылдыбы? Гапыр “агайды” шылдыңдаган Текебаевдин икаясы

Германияга даават кылдыбы? Гапыр “агайды” шылдыңдаган Текебаевдин икаясы

12-октябрь, 19:22
619 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Элчи Өмүрбек Текебаев “Айтылуу Гапыр агай Германияга илим, билимди даават кылганы келди” деп шылдыңдуу пост жазып, береги сүрөттү койгон. Акыл-эстүү адам мыйыгынан жылмаят. Гапыр Мадаминов өнүккөн Германияга кантип илим-билим боюнча үлгү көрсөтсүн? Бул “агай” болгону “балага үйдөн сабак окуткула” деген таризде “Энелер мектеби” аталышындагы ураан менен чыгыптыр. Анысы жаңылык эмес. Алдыны көрө билген ата-энелер үйдөн балдарын окутушат, жөлөк-таяк болушат. Ток этерине келсек, Мадаминов караңгы чөйрөнүн мугалими, таңгалдыра турган илимий методикасы, же педагогикада кандайдыр бир ачылышы жок. Баягы Афганистанга барып сабак бергендей эле эскиче ыкмаларды оозанып, жадагалса адабий тилде так сүйлөгөндү билбейт. “Ям, ...м” деп уят аралаш үн чыгарса ичиркенесиң. Анан ушундай деңгээлдеги пендени Текебаев маскара кылып, “даават кылганы келди” деп сабатсыз молдолорго жалгаша айтылган диний терминди колдонуп, шермендесин чыгарып атат го? Кыраакы саясатчы билимсиз, деңгээли төмөндөрдү мазактаганга кыйын эмеспи! 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер