Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбар Султангазиев: “Вакцина өлүмгө себепкер болсо, ага эч бир дарыгер же министрлик жоопкерчилик албайт”

Айбар Султангазиев: “Вакцина өлүмгө себепкер болсо, ага эч бир дарыгер же министрлик жоопкерчилик албайт”

31-июль, 13:08
2 544 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акыркы учурларда вакцина алгандардын арасында өлүмгө кабылып, ар түрдүү деңгээлде көтөрө албай аткандар чыгууда. Негизи эмдөөдөн өтө турган адам ага алдын ала даярдык көрүш керекпи? 

-- Сөзсүз. Жүрөк, кант диабети сыяктуу өнөкөт оорулары барлар алдын ала   текшерүүдөн өтүшү керек. Ал эми эч кандай өнөкөт оорусу жоктор вакцинация жасатканы барганда ошол жердеги дарыгерлерден сурап, өтө ысыкта өзүн начар сезип турса, кан басымы норма эмес болсо, эмдөөнү токтото турушу зарыл. Ар бир адам өзүнүн абалына көңүл бөлүп, анан эмдөөдөн өтсө болот.  

-- “Вакцинадан улам өтүп кетти дегендерге эмне дейсиз? 

-- Бизде азыр 360 миң адам эмдөөдөн өттү. Ошонун ичинен 5-10 адам көтөрө албай калып атат. Мындай учурлар сөзсүз болот. Бирок, салыштырып карасак, вакцина алуу пайдалуу экени билинип атпайбы. Эгер 360 миң адам эмдөө албаганда, алардын 70-80и оорудан улам өтүп кетмек. 50 миңдейи оор формасы менен ооруп, кийин ден соолугуна сөзсүз залакасы тиймек. Дүйнө жүзүндө деле ушундай. Вакцина бирдей эле. Болгону анын ар бир адамга берген таасири ар башка. Ошондуктан, эгер вакцина өлүмгө себепкер болсо деле, ага эч бир дарыгер же министрлик жоопкерчилик ала албайт. Биз аларга күнөө коё албайбыз.

-- Вакцинанын эффективдүүлүгү тууралуу дагы ар кандай пикирлер айтылып атат. Ал толук изилденип бүтпөгөндүктөн, эмдөө алган адамдын кийин ден соолугуна залакасы тийип калабы?

-- Маселен “Синофармдын эффективдүүлүгү 80 пайыз. 20%ы кайрадан ооруп калышы мүмкүн. Бирок, оору жеңил өтүп, өлүмдөн сактап калат. Туура, баардык вакциналар толук изилденип бүтө элек. Бирок, азыркы коронавирустун жайылып жатканы согушка окшош. Анан ошол согуш убагында ал курал бизге туура келбейт дей берсек болбойт да! Колдо бар нерсени пайдалануу керек. Вакцина деле ошондой. Башка вариант жок. Анан вакцина менен элди өлтүрүп коёт экен деп атышат. Азыр Кытай 1 млрд. элин эмдеп койду. Ошонун баарын өлтүрүш үчүн эмдедиби? Американын 350 млн. жаранынын 180 миллиону эмделди. Эгер бизди өлтүрүү максаты болсо, анда өздөрүн биринчи өлтүрмөк беле? 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер