Акыркы кабарлар
» Жанирмем » “Кирпич куюп, ылай кечип, талаада иштеп жүрсөм, күйөөм башканы тапты...”
“Кирпич куюп, ылай кечип, талаада иштеп жүрсөм, күйөөм башканы тапты...”
13-сентябрь, 17:24
2 276 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Сөздү башынан баштайын. Жашым 30да, бир кызым бар. Жолдошум экөөбүздүн жашаганыбызга 10 жыл болуп калды. Мен аябай мээнеткечмин. Жолдошум жумушта, мен үйдө эле. Үй салабыз деп жолдошума жардам болушун каалап, кам кирпич куюп, ылай кечип, талаада иштеп жүрсөм, менин көзүмө чөп салып, чогуу иштеген күйөөсү бар эле бир шуркуя менен ойноп жүрүптүр. Тополоң салдым, “жашабайм” деп аракет кылдым, бирок ажыраша албадым. Себеби, менин канча мээнетим үй салууга кетти? Ден соолугумдан ажырадым. Унутайын деп, эч унута албай кыйналып жүрөм. Бир аз эле жаман сүйлөсө болду, урушуп, айтышып, чоң жаңжал чыгат. Мени жакшы көрсүн деп эмес, кылган кызматымды көрбөй, ойнош күтүп, мени алдап жүргөнүнө күйбөгөн жерим күл болот.
Толкун